Аяк Оона 2016

Лейлек райондук сотунун имараты көп жылдардан бери косметикалык гана оңдоп түзөөлөрдөн өтүп келет

27.09.2016.

Баткен облустук сотунун төрагасы Сайдибакас Мусаев 2016-жылдын 23-сентябрында Лейлек райондук сотунун жамааты менен жолугуп, имараттын абалы менен таанышты.

 

 

Толугураак

Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаардык сотунун имаратында капиталдык оңдоп түзөөлөр боло элек

27.09.2016.

Мындай маалымат Баткен облустук сотунун төрагасы Сайдибакас Мусаев үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында жерине барып, Сүлүктү шаардык сотунун жамааты менен жолуккан учурда айтылды.

 

Толугураак

Ысык-Көлдө коммерциялык укук боюнча семинар өтүүдө

26.09.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы судьялардын Окуу борбору, Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча IDLOнун Программасынын филиалы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын долбоору менен биргеликте 2016-жылдын 26-28-сентябрында Бишкек шаардык сотунун, облустук соттордун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынын судьяларынын жана районддор аралык соттордун судьяларынын катышуусунда коммерциялык укук боюнча семинар өткөрүүдө.

Толугураак

Судьялардын Окуу борбору биринчи жолу дайындалган судьялар үчүн семинар өткөрүүдө

26.09.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы судьялардын Окуу борбору 2016-жылдын 26-27-сентябрында «Адам укуктарын коргоо эл аралык системасы. БУУнун келишимдик органдары кабыл алган чечимдерди имплементациялоо» аталышта Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган I инстанциядагы соттордун судьяларына жана судьянын жардамчыларына семинар өткөрүүдө.

Толугураак

Жогорку соттун судьясы Бусурманкул Бактыгулов ЕККУнун Кеңешмесинин ишине катышууда

23.09.2016.

2016-жылдын 19-30-сентябрында Варшава шаарында (Польша) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Кеңешмеси өтүүдө. Бул Кеңешме ЕККУга катышуучу-мамлекеттер жана өкмөттүк эмес уюмдар ортосунда пикир алмашуу эл аралык аянтчасы болуп саналат.

Толугураак

Тажикстанда ШКУга мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун Төрагаларынын он биринчи Кеңешмеси өттү

23.09.2016.

Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Жогорку сотторунун Төрагаларынын кезектеги он биринчи Кеңешмеси болуп өттү.

 

 

Толугураак

Нарын облусунун Нарын шаардык жана Нарын райондук сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо аяктады

23.09.2016.

2016-жылдын 22-сентябрында Нарын облусунун Нарын шаардык жана Нарын райондук сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына сынактык тандоо аяктады.

 

Толугураак

Кыргыз Республикасынын чек арасынан чыгарылуусу милдеттендирилди

22.09.2016.

2016-жылдын 6-май күнү Кара-Суу шаарынын базарында набайчылык кылып иштеп жүргөн жеринен Кыргыз Республикасынын МУККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын Кара-Суу бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү тарабынан 1976-жылы туулган Өзбекстан Республикасынын Наманган областынын тургуну Каримов З.З. кармалган.

Толугураак

Демөөрчүлөрдүн көмөгү менен 150 миң сомдун тегерегинде имараттын сырты оңдолду

20.09.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Баткен облусундагы Кадамжай райондук соту мамлекет тарабынан жардам сурабастан, демөөрчүлөрдүн көмөгү аркылуу көп жылдардан бери оңдоп түзөөлөр болбогон имараттын сыртын ремонтогон. Ал эми райондук соттун кызматкерлери болсо, тамак аш менен камсыз кылып турушкан.

Толугураак

Журналисттерди аккредитациялоо

19.09.2016.

Урматтуу журналисттер!

2016-жылдын 4-октябрында саат 10:00до А. Аскаровго карата жазык иши боюнча сот процесси башталат. Бул сот процессине катышуу жана чагылдыруу үчүн Сиздерди аккредитациядан өтүүӊүздөрдү суранабыз.

Толугураак

А. Аскаров боюнча жазык ишин кароо белгиленди

19.09.2016.

Чүй облустук соту Азимжан Аскаровго карата жазык ишин кароону 2016-жылдын 4-октябрына саат 10:00го белгиледи.

Соттук процесс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын күзөт жана конвоирлөө департаментинин имаратында өтөт.

Кыргыз Республикасынын I инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган судьяларынын (судьялык стажы жок) квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча окутуу

19.09.2016.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы №147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программанын иштерин жүзөөгө ашыруу максатында, 2016-жылдын окуу Планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы судьялардын Окуу борбору USAID/IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган (судьялык стажы жок) I инстанциядагы жергиликтүү сотторунун судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча 5-тобун окутуп баштады. Окутуу 2016-жылдын 19-сентябрынан баштап 14-октябрына чейин Жогорку соттун алдындагы судьялардын Окуу борборунда өткөрүлөт.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00