Тогуздун айы 2016

Ататюрк-Ала-Тоо эл аралык университетинин студенттери Жогорку сотто болушту

28.10.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2016-жылдын 28-октябрында, Ататюрк-Ала-Тоо эл аралык университетинин юридикалык факультетинин студенттери жазык процесстер боюнча практикалык сабагынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы имаратында болушту.

 

Толугураак

Фемида жаңы конуштуу болду

27.10.2016.

 

МААЛЫМАТ

(расмий тилде)

Жогорку соттун судьяларынын бош кызмат орундарына өтүүчү конкурсттук тандоого 35 талапкер катышат

27.10.2016.

Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына документтерин тапшырган 35 талапкер конкурсттук тандоого катышат.

 

Толугураак

Баткен облусунун Баткен жана Кадамжай райондук сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо аяктады

27.10.2016.

2016-жылдын 26-октябрында Баткен облусунун Баткен жана Кадамжай райондук сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо аяктады.

 

 

Толугураак

Сот адилеттигинин жогорку мектеби судьяларга жана соттордун аппарат кызматкерлерине семинар өткөрүүдө

26.10.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы, Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоору менен биргеликте 2016-жылдын 26-27-октябрында «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» деген аталыштагы семинар өткөрүүдө.

Толугураак

Жогорку Соттун БЮЛЛЕТЕНИ

26.10.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун кезектеги Бюллетени чыкты.

Бюллетень Германиалык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» программанын жардамы менен чыгарылды. Бюллетень 1991-жылы январда негизделген.

 

Толугураак төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаӊыздар болот:

 

БЮЛЛЕТЕНЬ

Жогорку соттун Төрайымы А. Токбаева адвокаттар кеңешинин өкүлдөрү менен жолукту

25.10.2016.

Бүгүн, 25-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева менен Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин Төрайымы Гүлниза Кожомованын жолугушуусу болуп өттү.

 

Толугураак

Аялынын өмүрүн кыйгандыгы үчүн 12 жылга эркиндигинен ажыратылган

25.10.2016.

2016-жылдын 17-октябрында Бишкек шаарынын Ленин райондук соту ачык соттук отурумда Доолетбеков Замирбек Жолдошбековичке карата жазык ишти караган.

 

Толугураак

Сот адилеттигинин Жогорку мектеби сот аткаруучуларды окутууда

24.10.2016.

«2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программанын иштерин жүзөөгө ашыруу максатында жана 2016-жылдын окуу Планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте сот аткаруучулардын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча окутуу баштады. Окутуу 2016-жылдын 24-29-октябрында сот адилеттигинин Жогорку мектебинде өтүүдө.

Сот приставдары кызматын уюштуруу жана аны ишке ашырууну талкулоо боюнча тегерек стол болуп өттү

24.10.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жетекчилиги, облустук жана шаардык башкармалыктар менен биргеликте “Сот приставдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы талаптарды жүзөгө ашыруу боюнча талкуулоо жүргүзүштү.

 

Толугураак

Биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттордун (судьялык стажы жок) биринчи жолу дайындалган судьяларын окутуу башталды

24.10.2016.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 08.08.2012-жылдын №147 «Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жана «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программанын иштерин жүзөөгө ашыруу максатында, 2016-жылдын окуу Планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби USAID/IDLOнун Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун биринчи инстанциядагы (судьялык стажы жок) биринчи жолу дайындалган судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча 6-тобуна окуу баштады. Окууту 2016-жылдын 24-октябрынан баштап 21-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окуу-залында өткөрүлөт.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00