Тогуздун айы 2016

Мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Жогорку соттун жаңы имаратында болушту

21.10.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2016-жылдын 21-октябрында, Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы имаратында болушту.

 

 

Толугураак

Сот адилеттигинин жогорку мектеби ачык сынак жарыялайт

21.10.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Окутуучулук курам тандоо боюнча  ачык сынак жарыялайт:

 

Толугураак

Жогорку соттун Төрайымы БУУнун Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын аймактык өкүлү менен жолукту

19.10.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 19-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева БУУнун Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын аймактык өкүлү Ришард Коменда мырза менен жолукту.

 

Толугураак

Баткен облусундагы Кадамжай райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду

19.10.2016.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун  судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

 

Толугураак

Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун имаратында оңдоо-түзөө иштери аяктады

19.10.2016.

1996-жылы Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында Бакай-Ата райондук сотуна бир кабаттуу имарат бөлүнгөн. Ошол убакыттан бери ал имаратта ондоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин чечими менен имараттын оңдоо-түзөө иштерине 3 893 456 сом мамлекеттик каражат бөлүнгөн.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

18.10.2016.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын  Административдик жоопкерчилик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Толугураак

Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку соттун жаңы имараты менен таанышты

18.10.2016.

18-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы имараты менен таанышты.

 

 

Толугураак

Жергиликтүү соттордун биринчи жолу дайындалган судьяларынын 5-тобу Комплекстик окуу программасы боюнча курсту аяктады

17.10.2016.

2016-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы судьялардын Окуу борборунда Кыргыз Республикасынын биринчи инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу дайындалган (судьялык стажы жок) судьяларынын квалификациясын жогорулатуу Комплекстик окуу программасы боюнча 5-топ үчүн курс аяктады. Окуу программасы материалдык жана процесстик укукту терең билүү, судьянын көндүмдөрү жана этика-деонтологиялык блокторунан түзүлгөн. Окуу программасынын узактыгы күнүнө 8 академиялык сааттан 20 окуу күнүн түздү.

Окуунун аягында модулдук тестирлөө өткөрүлүп, тастыктама тапшырылды. 2016-жылдын 24-октябрында Комплекстик окуу боюнча 6-топтун окуусу башталат.

Жаңы шайланган жергиликтүү соттордун судьялары Жогорку сотто ант беришти

14.10.2016.

СҮРӨТРЕПОРТАЖ

Бүгүн, 2016-жылдын 14-октябрында, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьялары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын катышуусунда ант беришти.

 

Толугураак

Жогорку сот жаңы имаратта

14.10.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жаңы имаратта. Дареги: Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205.

10-октябрдан тартып Баткен облусунун райондук сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо өтүүдө

13.10.2016.

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши 2016-жылдын 10-октябрынан баштап Баткен облусунун райондук сотторунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоолорду өткөрүүдө. Баткен облусу боюнча: Баткен райондук сотунда – 2, Кадамжай райондук сотунда – 4, Кызыл-Кыя шаардык сотунда – 3, Лейлек райондук сотунда – 2, Сүлүктү райондук сотунда – 2 бош кызмат орундар үчүн конкурстук тандоо өтүүдө.

Бүгүнкү күнгө чейин Баткен облусунун бардык район, шаардык сотторунун судьяларынын бош кызмат орундары үчүн конкурстук тандоонун биринчи айлампасы жыйынтыкталды. Эскерте кетсек, конкурстук тандоо 3 айлампада өтөт.

Жогорку соттун А. Келдибековго карата чыгарган өкүмү

13.10.2016.

Бүгүн, 2016-жылдын 13-октябрында, КРнын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү боюнча соттук коллегиясы Келдибеков Ахматбек Келдибековичке карата жазык ишти карап, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмүн жана аныктамасын күчүндө калтырды.

 

Толугураак

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00