Үчтүн айы 2018

Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы окуучуларга кылмыштын кесепеттерин айтып берди

29.01.2018

Кылмыштуулукту алдын алуу жана сот системасы тууралуу  Кызыл-Кыя шаарынын №9  Ураим Гулматов атындагы орто мектебинин 9-10-11-класстарынын окуучуларына маалымат берилди. Үстүбүздөгү жылдын 25-январында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Акылбек Адимов тарабынан масс-медиа программасынын негизинде “Кыргыз Республикасынын сот системасы”, “sot.kg” укуктук маалымат булагы  жана “Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук” темаларына ылайык лекция окулду. Лекциянын соңунда суроо-жооп, талкуу жүргүзүлдү. Окуучулар негизинен  сот системасынын ишине кызыгышып,  укуктук багыттагы суроолорун узатышты.

Ал эми аталган мектептин мугалимдери жана окуучулары тарабынан мындан ары өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук тууралуу кененирээк маалымат берип, кайрадан лекция окуп берүүнү  суранышты.

Толугураак

Бишкек шаардык сотуна дайындалган эки судья ант беришти

25.01.28

Бүгүн  2017-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун төрайымы Айнаш  Токбаев жана Жогорку соттун  судьяларынын катышуусунда Кыргыз  Республикасынын  Президентинин 2018-жылдын  22-январындагы  № 9-Жарлыгы  менен  судьянын  ыйгарым укуктарын  жүргүзүү  үчүн Бишкек шаардык  сотуна Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү  сотторунун  судьялары  Жумагул Албанова  жана Азамат Алыбаев салтанаттуу  ант  беришти.  

Толугураак

Кыргыз Республикасынынын Адвокатурасынын жетекчилиги менен жолугушуу өттү

24.01.2018

2018-жылдын 23-январында  Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы Айбек Молдакунов  Адвокаттар Кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов жана кеңештин мүчөлөрүнөн турган Кыргыз Республикасынынын Адвокатурасынын жетекчилигинин расмий делегациясы менен жолугушту.

Соттун төрагасы Айбек Молдакунов меймандарды жылуу кабыл алып, кеңештин мүчөлөрү менен пикир алышып, жарандарга сапаттуу жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн жактоочулардын билимин өркүндөтүү керек экенин белгиледи.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти Сот приставдары кызматына сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти Бишкек шаардык жана Чүй облусунун сот  приставдар кызмат бөлүмүнө  мамлекеттик административдик сот приставдары бош кызмат ордуна сынак жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын “Сот приставдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде:

Сот приставы бийликтин өкүлү болуп саналат жана кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда турат.

Толугураак

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын 6 бош кызмат ордуна 46 талапкер документтерин тапшырышты

23.01.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунуну Конституциялык палатасынын жана Жогорку сотунунун судьяларынын бош кызмат орундарына бардыгы болуп 50 талапкер документтерин тапшырышкан. Анын ичинен 4 талапкер  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунунун Конституциялык палатасынын судьялыгына жана 46 талапкер Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын бош кызмат орундарына.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын 1 бош кызмат ордуна жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 6 бош кызмат ордуна талапкерлердин арыздарын жана документтерин кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан 2018-жылдын 18-январында  аяктаган.

Толугураак 

Кара-Буура райондук жана Манас райондук сотунун имараттары капиталдык ремонттон өтүүдө

18.01.2018

Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунда имарат ичиндеги оңдоо – түзөө иштери 70% аткарылып, аны менен бирге имараттын сыртын жасалгалоо иштерди уланууда.

Айта кетсек,  Кара-Буура районунун Кызыл – Адыр айылында Кара-Буура райондук соту 1968 – жылы курулуп, имаратта оңдоп – түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. 2016 – жылы Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин чечими менен имаратты  оңдоп – түзөө иштерине мамлекеттен каражат бөлүнгөн.

Ал эми, Манас райондук сотунун имарат ичиндеги капиталдык ремонт иштери аяктап, тосмолорду орнотуу жана имараттын короосуна күзөт бөлмө куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Толугураак

Жалал-Абад областынын сот тутумунун курама командасы волейбол боюнча III байгелүү орунду ээледи

18.01.2018

Жалал-Абад областынын укук коргоо органдардын жана күч түзүмдөрдүн арасында 2018-жылдын 17-январында волейбол боюнча өткөрүлгөн мелдеште, Жалал-Абад областынын сот тутумунун курама командасы III байгелүү орунду ээледи.

Мелдеш ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнүнө арналып, Жалал-Абад областынын ички иштер органдары тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү. Бул спорттук иш-чара бир убакытта эле үч спорт залда жүрүп жатты, анда Жалал-Абад областнын райондук, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, Улуттук гвардиянын, ӨКМдин, бажы кызматынын, прокуратуранын жергиликтүү түзүмдөрүнүн жана Жалал-Абад областынын сот тутумунун курама камандалары катышышты. Жалпысынан 18 курама команда.     

Толугураак

Жогорку соттун Пленумунун Токтомун колдонуу боюнча талкуу өттү

17.01.2018

2018-жылдын 15-январь күнү Ош облусунун  райондор аралык сотунун төрагасы Бакыт Сарыбаев  Ош шаарынын салык кызматынын,   Социалдык фонд кызматынын жана Юстиция министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн  катышуусунда жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун  максаты Кыргыз Республикасынын  Жогорку Сотунун  2016-жылдын 16-декабрындагы Пленумунун № 13 токтомун ишке ашыруу  болуп, анда  юридикалык жактарды  жоюуда  райондор аралык  соттор тарабынан колдонулуучу укуктук мамилелерди жөнгө салуучу  мыйзамдын нормаларын  туура жана бирдей колдонуунун камсыздалуусу, юридикалык жактардын өз эрки жана мажбурлоо түрүндө жоюунун тартиптери  талкууланды. Ошондой эле салык кызматынын жана Социалдык фонд органдары тарабынан юридикалык жактарды жоюу  боюнча  доо арыз берүүнүн, аларды өндүрүшкө кабыл алуунун жана кароонун тартибин  талкуулап  өтүштү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту өлкөнүн сот тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында мыкты материалга болгон сынактын мөөнөтүн узартты

16.01.2018

Урматтуу, кесиптештер!

Сиздерди сот  тутумунун ишмердүүлүгүн чагылдыруу боюнча сынакка активдүү катышууга чакырабыз. Материалдарды 2018-жылдын 1-мартына чейин жөнөтсөңүздөр болот.

 

ЖОБО

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасындагы  мыкты материалга болгон сынак туурасында 

Толугураак

 

Фемида өкүлдөрү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам беришти

11.01.2018

Талас  облусунун  жергиликтүү сотторунун жааматы жана аппарат кызматкерлери  өз демилгеси менен Талас  шаарында  жашашкан  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо ирээтинде  акчалай  жардам көрсөтүштү.

Талас облустук сотунун төрайымы  Клара Калиева  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашаган даректери боюнча үйлөрүнө  барып, ден-соолуктарын сурап, Жаңы жылы менен куттуктады.

Толугураак

Ош областынын райондор аралык сотунун төрагасы Бакыт Сарыбаев насыя кызматын колдонгон жарандар менен жолугушуу өткөрдү

10.01.2018

Ош областынын райондор аралык сотунун төрагасы Бакыт Сарыбаев Ноокат районунун Төөлөс айылдык аймагынын  жана  Ош шаарынын Амир-Темур кичи районунунда насыя кызматын колдонгон жарандар менен жолугушуу өткөрдү.  Анда, райондор аралык сотунун төрагасы Бакыт Сарыбаев  насыя боюнча тараптардын укуктары, насыя алуудагы тобокелдик, күрөө, насыялык келишим жөнүндө айтып, насыя тууралуу талаш-тартыштар боюнча сотко кайрылуу тартиптерине  кененирээк токтолуп өттү.

Иш чара жарандардын насыя келишимдерин түзүүдө, насыя тууралуу талаш-тартыштар боюнча соттук териштирүүлөрдө укуктук жана финансалык сабаттуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00