Жогорку cоттун тарыхы

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун түзүлүү, өнүгүү тарыхы мекенибиздин тарыхынын ажыратылгыс бөлүгү жана абдан чоӊ тажрыйбалык мааниге ээ, ошондой эле мамлекеттин өсүп-өнүгүшүндөгү эӊ негиздүү орунду ээлейт.

Кыргыз Республикасынын сот тутуму жана ошону менен эле бирге Жогорку сот 85-жылдык тарыхында бир-нече жолу реформага туш болгон, андыктан бүгүнкү күндө өтүп жаткан процесстерге баа берүүгө түрткү берет.

ХIХ кылымга чейин кыргыз элинде соттун милдеттерин бий, казылар алып барышып, көчмөн кыргыз жана башка улуттардын ортолорунда чыккан талаш-тартыштарды үрп-адат жана шарият укуктарынын негиздерин жетекчиликке алып карашкан. Бул тартип кыргыз элинин Россия падышачылыгынын курамына киргенге чейин колдонулуп келген.

1917-жылдагы Октябрь революциясына чейинки убакытта Кыргызстандын аймагы Туркестан генерал-губернаторлугунун областарына бөлүнгөн. 

Түндүк Кыргызстан – Семиреченск облусунун (Пишпек, Пржевальск аймактарына – уездерине); Талас өрөөнү – Сыр-Дарыя облусунун (Аулие-Ата аймагы); ал эми түштүк Кыргызстан – Фергана менен Самаркан облустарынан (Андижан, Ош, Наманган, Ходжен аймактары жана Памир району) курамына кирген.

1886-жылы кабыл алынган «Түркестан жергесин башкаруу жөнүндөгү» жобосуна ылайык  Туркестандын жергиликтүү элдеринин соттук тутуму белгиленген, анын негизинде бир-нече атайын  жана жалпы падышалык соттору түзүлгөн. Аларга аскердик соттук комиссия, соттук административдик органдар, округдук соттор, соттук бөлүмдөр, областтык башкаруу, аймактык жана мировой соттору кирген. Кыргызстандын аймагында Скобелев менен Верный шаарларындагы округдук соттор тейлеген.

Жобого ылайык судьялар генерал-губернатор тарабынан 3 жылга элдин тандоосу менен дайындалган. Ар бир судьянын кызматына 2 талапкер тандалган, бирок талапкерди судьялык кызматка бекитүү укугуна губернатор гана ээ болгон. Ал гана жаӊы шайлоолорду дайындаган. Судья ооруп же каза болгон учурда анын милдетин губернатордун макулдугу менен судьялык талапкер аткарган.

Соттордун тутумун төмөнкүлөр түзгөн:

– судьялар (бийлер, казылар);

– судьялардын курултайы;

– судьялардын чукул курултайы.

Бий менен казылар институту падышалык соттордун катарында сакталып калган. Бул учурда бийлер жана казылар кылмыш жана жарандык иштерди карашкан, бирок алардын милдетинен мамлекеттик маанидеги, мамлекеттик кызматка тиешелүү өзгөчө коркунучтуу ж.б. талаштар, ошондой эле орус улутуна тийиштүү – орус айылында жашагандардын иштерин кароо ыйгарым укугу алынып салынган.

Жарандык талаштар, кыргыз жана башка улуттардын ортосундагы  доо арыздар, мындан бөлөк, орус бийлигинин катышуусу менен кабыл алынган актыларга негизделген доо арыздар жарандык иштерден алынып салынган.

Бул  кылмыш жана жарандык иштер орус падышачылыгынын сотуна караштуу болуп калган.

Бий менен казылар кызматтык милдеттерин аткарууда тагынуучу өзгөчө белгилер, кызматтык мөөр, чечимдер катталуучу китептер менен камсыз болушкан.

Судьялардын болуштук курултайы соттордун чечимдерине даттанууларды кайра караган 2-инстанция болуп саналчу. Соттошкон эки тарапка курултайга кайрылууга бирдей укук берилген.                  

1-инстанция катары курултай аймактын башкармасынын каалоосу менен жарандык жана кылмыш иштерин да караган.

Соттордун өз милдетин ашыкча колдонуп койгон учурлардан тышкары курултайдын чечимдери акыркы чечим деп саналган.

Судьялардын Чукул курултайы губернатордун буйругу менен бекитилип, анда ар кайсы аймактын, болуштуктун тургундары катышып, соттолгон адамдын жер оодаруусу жөнүндө элдик судьялардын жана алардын курултайынын өтүнүчүн караган. Чукул курултайдын курамы төмөнкүлөрдөн турган: отурукташкан элдерде доогер, жоопкер жана  соттолуучу  таандык болгон соттук райондун судьяларынан, ал эми көчмөн калк арасындагы талаштар боюнча болуштардагы бирден кем эмес судьяларынан турган.

Көчмөн элдер үчүн чукул курултайлардын судьяларын дайындоо  аймактын башкармасы тарабынан уюштурулуп, ошол  аймактын башкармасынын катышуусу менен өтчү.

1917-жылы кабыл алынган Сот жөнүндө №1 декрет жаӊы сот тутумунун башталышы болуп эсептелинет. Бул декреттин кабыл алынышы менен эски сот тутуму: жалпы соттук эреже, сот палаталары жана бардык департаменттерге Жетекчилик кылуучу сенат, бардык аталыштагы аскер жана деӊиз соттору, коммерциялык соттор жоюлуп, мировой судьялардын иш-аракети токтотулуп, алардын орду эки кезектеги арачылар менен ар бир сессияга өзгөчө тизме менен чакырылчу кезектеги судьялар кирген жергиликтүү (коллегиялык) соттор менен алмаштырылган. Элдик арачылар судьянын, соттук отурумунда төрагалык кылуучу судья менен бирдей укукка ээ болушкан. Судьяларды шайлоо тартиби киргизилген.

Революциянын алгачкы жылдары юрист адистеринин жоктугуна байланыштуу кыйынчылыктан улам Советтик өкмөт бийлиги мировой судьяларды жергиликтүү соттордун ордуна колдонуу мүмкүнчүлүгүн туура деп табылган.

Соодагерлердин, өнөр жай ээлеринин, мамлекеттик мекемелерде иштөөчү кызматкерлердин жана башка адамдардын кыянаттык менен жасаган иштерине, саботаж, тоноо-бүлдүрүүчүлүк иштерин кароо боюнча революциялык трибуналдар декрет менен уюшула баштаган. Алар жумушчулардын аскер, дыйкандардын шаардык же губерниялык кеӊештери аркылуу шайланып, бир төрага, 6 кезектеги арачылардын курамында түзүлгөн.

1917-жылы «Убактылуу революциялык сотту түзүү жөнүндөгү» токтом кабыл алынган. Беш адамдан турган бул соттун тутумуна эл комиссарлар кеӊешинин, жумушчу жана аскер депутаттарынын Ташкен кеӊешинин аткаруу комитетинин жана профсоюздардын борбордук бюросунун өкүлдөрү катышкан. Күн тартибиндеги маселе ар кыл уюмдардын өкүлдөрү болгон 15 сот арачысынын катышуусунда каралган.

1918-жылы Сот жөнүндө №2 декрет кабыл алынган, анда  төмөнкүлөр белгиленген:

– округдук эл соттору;

– кассациялык чечимдер;

– Жогорку соттук көзөмөл;

– сот түзүлүшү жана  иштин караштуулугу жөнүндө;

– соттук алым жана соттук чыгымдар жөнүндө, алдын ала тергөө жөнүндө;

– айып коюу жана коргоо жөнүндө;

– элдик арачылар  жана соттук тергөө жөнүндө;

– арыздар, кылмыш жазасынан куткаруу укугун калыбына келтирүү жөнүндө;

– чечимдерди жана өкүмдөрдү аткаруу жөнүндө;

– колдонууга жатуучу мыйзамдар жөнүндө.

«Жергиликтүү» деген соттук аталышка «элдик» деген сөз кошумчаланган.

Декретте айкындуулук, оозекилик, процесстеги атаандашуулук, айыпталуучунун  коргоо укугу принциптери бекитилген. Соттун бардык инстанцияларында соттун жүрүшү жергиликтүү тургундардын тилинде болгон.

1918-жылы Пишпек аймагында Революциялык трибунал менен тергөө комиссиясы уюшулуп, болуштарда да элдик соттор шайлана баштаган. Ошол эле жылы тергөө комиссиясы шайланып, аймактын 5 участкасына мировой судьялар бекитилген.

Түркестандын элинин динге берилгендигин жана алардын жашоо-тиричилик өзгөчөлүгүн эске алып, крайдагы Совет бийлиги казылык менен бийлердин сотторун дароо эле жоюуга шашылган эмес. 1921-жылы «Казы соттору жөнүндө» жобосу иштелип чыгып, бекитилген. Бул жобо казы сотторунун ыйгарым укуктарын чектеп, алардын  караган иштерин советтик  органдар тарабынан көзөмөлгө алынышын талап кылган.

Казылар 1-инстанциялык сот катары жалгыз өздөрү иштерди карап, шариаттын ченемдерин жетекчиликке алган, апелляциялык инстанция соту катары  казылардын курултайы (3-5 киши) эсептелинген. Ал эми курултайдын чечимдерине кассациялык тартипте даттануу берүү үчүн аткаруу комитетинин Президиуму областтык юстициянын же аймактык юстициянын бюросунун корутундусунун негизинде иштерди кайра караган.

Жободо Фергана облусунун көчмөн калкынын иштерин үрп-адаттын ченемдеринин негизинде кароочу бийлердин сотторун уюштуруу тартиби каралган.

Бул жобо Түркестан Республикасынын Юстициясынын эл комиссариатынын «Фергана облусунда казы, бий сотторун түзүү боюнча» жана «Казы соттору жөнүндөгү» жобосун колдонуу менен «Фергана облусунда казы жана бий сотторун уюштуруунун жана шайлоонун тартиби жөнүндөгү» нускамалары менен толук талган.

Казы менен бийлер айлык акыларын доо арыздардан түшкөн каражаттан Юстициянын эл комиссариаты белгилеген өлчөмдүн ченинде алышкан.

1921-жылы «Жогорку соттук көзөмөл жөнүндө» жобо бекитилген. Ошол эле учурда декреттерди, соттук мекемелерге жетекчилик көрсөтмө берүүчү жана көзөмөлдөөчү орган - Аймактык юстициянын бюролору, бардыгы болуп 12 бюро түзүлгөн.

Ал кезде кыргыз элинин дээрлик басымдуу бөлүгү көчмөн калк болгондуктан алар өз-ара талаштары тууралуу сотко кайрылган учурлары сейрек кездешчү. Мындай көрүнүштөрдү юридикалык орган - аксакалдар соту көчмөн калктын өз-ара талаштарын адат менен шарият ченемдеринин негизинде чечип келген. Негизинен караганда, алар бий сотторунан эч айырмаланчу эмес.

Түркестан Республикасында 1921-жылдын аягында көчмөн калк жайгашкан жерлерде бирдей эл соттору жөнүндөгү жалпы эрежеге ылайык эл судьяларынын көчмө камерасын түзүү каралган. Көчмө камералар элге түздөн-түз жакын иштеп, жайкысын алар менен жайлоого бирге көчүп, кышында кыштоого  чогуу көчүп келген.

Пишпек жана Нарын аймактарында – 3төн көчмө камера, ал эми Кара-кол аймагында – 2ден көчмө камера менен аларга бирден тергөө камералары иштеген.

Мүлктүк мамилелер боюнча  талаш-тартыш маселелерди чечүү боюнча татаал жарандык ченемдери бекитилген.

1922-жылдын РСФСР Эмгек жөнүндө мыйзамдардын кодекси, Жарандык кодекси, ошондой эле бирдиктүү сот тутумун белгилеген «РСФСРдин сот түзүмү жөнүндөгү» жобо кабыл алынган.

Түркестанда губерниялык соттун милдетин областтык соттор жана аймактар боюнча ал областтык соттун мүчөсүнүн укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу  өкүлдөрү аткарган. Өкүлдөрдүн милдети биринчи участкадагы аймактык борборлордун кошумча штатындагы эл сотторуна жүктөлгөн. Кыргызстанда мындай өкүлдөр Пишкек, Каракол, Нарын жана Ош аймактарында жайгашкан.

Элдик соттун ыйгарым укуктары бир кыйла кеӊейген. Ал эки арачынын катышуусунда кылмыш жана жарандык иштерди караган. Айрым категориядагы майда барат иштерди эл судьясы жалгыз караган.

6 элдик арачыларынын катышуусу менен элдик сот, губерниялык революциялык трибунал, кассациялык орган катары эл сотторунун кеӊеши жана сот органдарынын жергиликтүү башкармалыгы болгон юстициянын губерниялык бөлүмү жоюлган. Ушул органдардын бардыгынын функциясы губерниялык сотко өткөрүлүп берилген.

РСФСРдин Жогорку Соту Жогорку трибуналдын, РСФСРдин Юстициясынын эл комиссариаттарынын айрым функциясын, анын ичинде соттук көзөмөлдүк милдетин өзүнө алган. Ал республикадагы бардык соттордун иш аракетине көзөмөл жүргүзүп, губерниялык соттор тарабынан чечилген иштер боюнча протест, кассациялык арызданууларды ошону менен 1-инстанциядагы сот катары негизги кылмыш жана жарандык иштерди караган.

1922-жылы «Советтер Союзунун Социалисттик Республикасы түзүлгөнү жөнүндөгү» токтом кабыл алынган.

Кыргызстан Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун катарына Россия Федерациясынын  курамындагы Түркестан Автономдуу Советтик Социалисттик  Республикасынын курамы менен кирген.

1923-жылы жарандык иштерди чечүү менен териштирүү тартибин жөнгө салуу, мүлктүк төлөмдөрдү өндүрүү багытындагы жарандык иштер боюнча чечимдерин, сот өкүмдөрүн аткаруу, ошондой эле сот, прокурор, тараптар, тараптардын өкүлдөрү жана башка процесстин катышуучуларынын процессуалдык укугу менен милдеттеринин тартибин жөнгө салган РСФСРдин Жарандык процессуалдык кодекси кабыл алынып, РСФСРдин бардык аймагына 1923-жылдын 1-сентябрынан баштап күчүнө кирген.

Түркестан АССРинин өкмөтү бий, казы сот торунун жобосуна алардын ыйгарым укуктарын бир катар кыскартуучу өзгөртүүлөрдү киргизген.

Алгач бий соттору жокко чыгарылган. 1924-жылы казы сотторунан кылмыш иштерин кароо милдетин советтик элдик сотторго өткөрүп берүү жөнүндөгү токтом кабыл алынган. Казы сотторуна 25 рублге чейинки доо иштеринен турган, ошондой эле нике жана мурастык мамилелерден келип чыккан жарандык иштерди кароо калтырылып, ал эми казы сотторунун чечимине макул болбогондор  ишти жалпы тартипте караган элдик сотко арыз менен кайрылууга укуктуу болушкан. Элдик соттордун баркы көтөрүлө баштаганда, казы сотторунун ролу акырындык менен солгундай берген. Казы сотторун жоюу жөнүндөгү чечим 1927-жылдын 1-ноябрында кабыл алынган.

1924-жылы «Орто Азия республикаларын (Түркестан, Бухара, Хорезм) улуттук өз ара бөлүү жөнүндөгү» токтом кабыл алынган.

Кара-Кыргыз Автономиялык облусу РСФСРдин курамына кошулуп, 4 округдан, Пишпек, Каракол, Жалал-Абат, Ош облустарынан турган.

Ошол эле жылы СССРдин жана союздук республикалардын кылмыш иштери боюнча мыйзамдарынын Негизги башталышы жана СССР менен союздук республикалардын жазык иштер боюнча сот өндүрүшүнүн Негиздери кабыл алынган. «Негиздердин башталышы» союздук республикаларда жаӊы кылмыш кодекстерин кабыл алууга түрткү болду. РСФСРде мындай кодекс кабыл алынып, 1927-жылдын 1-январында колдонууга киргизилген.

Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун Облустук соту 1924-жылы өз ишин баштаган.

Пишпек шаарында жайгашкан облустук соттун нотариалдык бөлүмү, эл сотунун бир участогу түзүлгөн, облустук соттун 2 пленардык отурумдары өткөрүлгөн. Облустук сотунун мүчөлөрүн бөлүмдөргө бөлүштүрүү, ыйгарым укуктарын бекитүү, тартип коллегиясын шайлоо маселелеринен сырткары райондорго бөлүү жана облустун аймагындагы соттук-тергөө участкаларынын санын бекитүү боюнча иштер жүргөн.

Облус алгач түзүлгөндө эл сотторунун – 23, тергөөчүлөрдүн – 18 участкалары иштей баштаган. Кыргыз элинин жай мезгилинде жайлоого көчүп, кеч күзгө чейин ал жакта болушуна байланыштуу эл сотторунун 5 көчмө камералары түзүлгөн.

Кыргыз автономиялуу облусунун аймактарында округдар боюнча жер-суу комиссиялары иштеп, жер-суу талаштарын карашкан.

Ошол кезде Облустук сот сот башкармалык орган катары эл сотторунун караган иштерине кассациялык инстанция болуп эсептелинген. Облустук соттун курамы төрагадан, анын 2 орун басарынан жана соттун 4 мүчөсүнөн турган. Округдун 1-участкасындагы элдик судьялар бир эле мезгилде Облустук соттун мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарына ээ болушкан.

1925-жылы Кара-Кыргыз Автономиялуу облусу Кыргыз Автономиялуу облусу болуп түзүлгөн.     

1925-жылы Облустук соттун төмөнкү курамы түзүлгөн:

– Пленум (төрага, анын 2 орун басары, соттун 4 мүчөсү, 2 кошумча судья, пленумдун 1 катчысы, ал Президиум менен Тартип  коллегияларынын да катчысы);

– административдик чарбалык бөлүмдүн алдындагы каржы жана чарбалык бөлүмчөсү;

– комендатура;

– нускоочу-текшерүү бөлүм;

– кылмыш бөлүмү;

– тергөө жүргүзүү бөлүмү (3 улук тергөөчү менен 1 иш-кагаздарды жүргүзүүчү);

– жарандык бөлүм.

Айрым категорияда өзгөчө татаал иштерди, ошондой эле СССРдин куралдуу күчтөрүнө өзгөчө коркунуч алып келген кылмыштарды кароо үчүн:

– аскер иштери жана айрым кылмыштар боюнча – Аскер трибуналы;

– жер иштери боюнча – жер комиссиясы;

– мүлктүк укук боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы талаш-тартышуу иштери боюнча РСФСРдин экономикалык кеӊешмесинин алдындагы Жогорку арбитраждык комиссия менен жергиликтүү арбитраждык комиссиясы;

– Эмгек мыйзамдары жөнүндөгү кодексти бузуу боюнча автономдуу республиканын башкы шаарларында, крайлардын борборлорундагы жана облустук административдик-аймактык (территориялык) бирикмелер;

– облустук, губерниялык жана округдук шаарларда жана өнөр-жай борборлорунда эл сотторунун эмгек иштери боюнча өзгөчө сессиялары түзүлгөн.

Кыргыз Автономдуу облусунун Кыргыз Автономдуу Советтик Социалисттик Республикасы (Кыргыз АССРи) болуп түзүлүшү сот органдарынын өзгөрүшү, жана алардын өнүгүшүнө өзгөчө таасирин тийгизип, тарыхый окуялардан болгон.

Кыргызстандын аймагында райондорго бөлүү жүрүп, буга чейинки төрт округдан 7 кантон түзүлгөн. Мурунку Пишпек округунан – Фрунзе, Талас, Чүй; мурунку Каракол округунан – Каракол жана Нарын кантондору, ал эми Ош менен Жалал-Абат округдарында ушул эле аталыштагы кантондор түзүлгөн.

Мына ушуга байланыштуу эл сотторунун участкалык номерлөө тутуму өзгөрүлүп, Облустук соттун өкүлдөрүнүн саны салыштырмалуу өзгөрүлүп, ар бир кантондун биринчи участкасындагы эл судьялары Облустук соттун мүчөлөрүнөн болуп калышкан.

Биринчи юстициянын эл комиссары жана бир эле мезгилде Республиканын прокурору болуп Таш Худайбергенов 1927-жылы шайланган. Кыргыз АССРинин Башкы соту болуп Иманбек Бекиев шайланган. Башкы соттун курамы төрагадан башка, анын 2 орун басарынан жана 5 сот мүчөлөрүнөн турган.

Башкы сот Кыргыз АССРинин аймагындагы Жогорку сот органы катары 1-инстанциядагы соттордун жана эл сотторунун мыйзам чегинде каралган иштерине кассациялык инстанциянын да ролун аткарчу. Ал эл сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм менен чечимдерине көзөмөл жүргүзүү функциясын да жүзөгө ашырган.

Башкы сот Пленум, Президиум, кылмыш жана жарандык бөлүмдөрдүн курамынан туруп, биринчи жана кассациялык инстанция тарабында иштерди карап, тартип коллегиясынын ишин алып жүргөн. Башкы соттун эл арачылары КырБАКтын Президиумунун өзгөчө тизмеси менен бекилген.

РСФСРдин Жогорку Соту республиканын Башкы соту караган иштерге кассациялык жана көзөмөл инстанциясы болуп саналчу. Башкы соттун уюштуруу жана башкаруу иш-аракети Кыргыз АССРинин Юстициясынын эл комиссарияты менен жүргүзүлгөн, мындан тышкары, Кыргыз АССРинин Башкы сотуна жетекчиликти жана анын иш-аракетине көзөмөлдү РСФСРдин Юстициясынын эл комиссариаты жүргүзгөн. Ал РСФСРдин Жогорку Сотунун төрагасынын көрсөтмөсү менен туура эмес чечилген иштерге текшерүү жүргүзүп, өкүмдөр, чечимдер, токтомдорго каршылык билдирүү маселелерин чечүү, сот тажрыйбасын өздөштүрүү жана жалпылоо менен СССРдин Жогорку Сотунун Пленумунун алдына РСФСРдин мыйзамдарын колдонуу боюнча сотторго жетекчилик түшүндүрмөлөрдү берүү, соттордун ишин жакшыртуу жана уюштуруу боюнча нускама, буйруктарды жарыялоо милдетин аткарган.

Эл соттору Кыргызстан АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин Президиумунда шайланышкан. Фрунзе шаарына жана кантондордун 1-участкалары үчүн кошумча соттор да тандалган (алар башкы соттун ыйгарым укуктууларынан да болушкан). Фрунзе шаарында жалпы караштуулук боюнча эл сотторунун 3 участкасынан тышкары, башкы соттун алдындагы эл сотторунун эмгек сессиясы, андан сырткары, турак-жай кезектеги камерасы иштеген. Сессиянын төрагасы менен камеранын эл соту да КырБАКинин Президиумунун кеӊешмесинде шайланган.

Ар бир кантондо өз аймагынын калкын тейлеген эл сотторунун бир нече участкалары иштеген. Жай мезгилинде жайлоолук эл соттору түзүлгөн.

Кыргыз жана өзбек калкы жайгашкан аймактарда сот өндүрүшү алардын тилинде жүргүзүлгөн.

Эл соттору ишти кароодон сырткары, коомдук иштерге да катышкан. Эл жыш жашаган жерлерде советтик укуктуулукту жайылтуу боюнча коомдук башталыштагы уюмдар түзүлгөн. Айрым окуу залдарында юридикалык маселелер боюнча маалымат столдору менен юридикалык ийримдери иштеп, ал эми ар бир кантондун борборлорундагы аялдар бөлүмүнүн алдында жана дыйкандар үйүндө юридикалык консультациялар түзүлгөн.

Кадрлардын жетишсиздиги жана сот органдарынын кызматкерлеринин квалификациялык деӊгээлинин төмөндүгү боюнча курч маселе тургандыгына байланыштуу 1930-жылы кыска мөөнөттүк курсттар уюштурулган. Кыска мөөнөттүү курстар 1934-жылы Кыргыз АССРинин элкомюстунун алдындагы үзгүлтүксүз иштеген бир жылдык укуктук мекемеге айланган. 1935-жылы анын алгачкы бүтүрүүчүлөрү райондук эл соттору, тергөөчү, соттук аткаруучу, коргоо коллегиясынын мүчөсү ж.б. кызматтарына жиберилген.

930-жылдын сентябрь айында Кыргыз АССРинин аймагы 24 административдик райондорго бөлүнгөн. Ушул себептен республикада 24 райондук сот жана Фрунзе шаарындагы эл сотторунун    2 участкасы түзүлгөн.

Райондорго бөлүү иши жүргүзүлгөндөн кийин Суусамыр жана башка жайлоолордогу көчмө камералардын зарылчылыгы өз маанисин жоготкон. Сотко жана тергөөгө караштуу бардык иштер аймактык катуу тартип менен жүргүзүлө баштаган.

1936-жылы июль айында СССР Юстиция эл комиссариатынын уюшулганына жана СССРдин Жогорку Сотунун сот башкармасы функциясынын милдетинен бошотулганына байланыштуу Кыргыз АССРинин башкы сотунун иш-аракеттеринде да тийиштүү өзгөрүүлөр жүргөн. Башкы сот башкаруу функцияларынан бошотулуп, республиканын Жогорку сот органынын функциясын жүзөгө ашыра баштаган. Башкы соттун төрагасынын ыйгарым укугунан Юстициянын эл комиссариатынын орун басарынын милдетин аткаруу укугу алып салынган.

1936-жылдын 5-декабрындагы СССРдин Конституциясы кабыл алынган. Жаӊы Конституциянын негизинде Кыргыз Автономдуу Республикасы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп түзүлүп, Советтер Союзунун Социалисттик Республикасынын курамына өз эрки менен кирип башка республикалардай эле теӊ укуктагы өлкөлөрдүн бирине айланган.

Ушул учурдан баштап Кыргыз АССРинин башкы соту республиканын Жогорку Соту деп аталып, ага ылайык анын түзүлүшү менен милдеттери өзгөрүлгөн. Соттор өкүм менен чечимдерди Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын атынан чыгара башташты.

Мамлекеттеги акыйкаттуулук сот аркылуу гана жүзөгө ашырылышы керек деген жобо сот тутумунун өнүгүшүндө чоӊ роль ойногон. Соттордун милдети – мыйзамдын негиздерине, тышкы ар кандай күчтөрдүн кийлигишүүсүз ар бир  ишке объективдүү толук тергөө жүргүзүп, чечим менен өкүмдөрдү негиздүү, калыс чыгаруу болуп саналган.

Кыргыз ССРинин Жогорку Сотунун, облустук, элдик соттордун биринчи инстанциядагы караган иштери элдик арачылардын катышуусу менен өткөн. Соттун жүрүшүндө эл арачылары судьялар сыяктуу эле тийиштүү укукка ээ болгон. 

Эл арачылары өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн тизме боюнча жылына 10 күндүк мөөнөткө кезек менен чакырылган. Эгерде эл арачылары катышып жаткан соттук процесстин жыйынтыгы көрсөтүлгөн мөөнөттө чыгарылбаса, анда мөөнөттү жылдырууга туура келген. Эл арачыларынын соттогу милдетин аткаруудагы чыгымы – жумуш ордундагы эмгек акысынын сакталышы менен, ал эми колхозчуларга – эмгек күнүн сактоо менен жүргүзүлгөн.

Кыргыз ССРиндеги бардык сот органдарынын соттук иш-аракеттерине көзөмөл жүргүзүү милдети Жогорку Сотко өткөрүлгөн. Кыргыз  ССРинин Конституциясына ылайык Жогорку Сот жана анын  элдик арачылары Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊеши тарабынан 5 жылга шайланышкан.

Кыргыз ССРинин Жогорку Сотунун түзүмү, анын ыйгарым укугу жана уюштуруу иш аракети 1960-жылга чейин СССРдин жана союздук, автономдуу республикалардын сот түзүлүшү жөнүндөгү мыйзамдары менен аныкталган.

Кыргыз ССРинин Жогорку Сотунун курамы Төрагадан, анын орун басарынан, сот мүчөлөрүнөн, ишти кароого чакырылган элдик арачылардан туруп, төмөнкү түзүмдөн турган:

– мыйзамга ылайык республиканын Жогорку Сотунун ыйгарым укуктарына кирген жазык иштерди, ошондой эле республиканын облустук жана элдик сотторунун өкүмдөрүнө жана аныктамаларына келтирилген арыздарды жана протесттерди кароо  боюнча соттук коллегиядан;

– мыйзамга ылайык республиканын Жогорку Сотунун ыйгарым укуктарына кирген жарандык иштерди, ошондой эле республиканын облустук жана элдик сотторунун өкүмдөрүнө жана аныктамаларына келтирилген арыздарды жана протесттерди кароо  боюнча соттук коллегиядан.

1938-жылы Кыргыз ССРинин башкы сотунун буга чейин иштеп келген Президиуму менен Пленуму жана атайын коллегиясы жоюлган.

Жогорку Соттун сот коллегиясы Жогорку Соттун Төрагасынын жетекчилиги астында, же болбосо анын 1 мүчөсүнүн же 2 эл арачысынын катышуусунда 1-инстанция катары иштерди караган. Ал эми кассациялык жана көзөмөлдүк эрежедеги иштер – соттун үч мүчөсүнүн курамында, ошону менен бирге 1-инстанция соту катарында каалаган республикалык соттордун жарандык, кылмыш иштерин кабыл алып, кароого укугу болгон.

СССРдин жана союздук республикалардын прокурорлору, СССРдин жана союздук республикалардын Жогорку Сотунун төрагалары гана соттор кабыл алган, мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм, чечимдерге каршы экенин билдирип, каршылык берүүгө укуктуу болушкан. СССРдин Жогорку Соту союздук республикалардын Жогорку Сотуна, республикалардын жергиликтүү сотторуна сот тажрыйбасынын маселелери боюнча жетекчилик көрсөтмө берүү укугуна ээ болгон.

Кыргыз ССРинин Жогорку Соту 1-инстанция катары өзгөчө маанилүү жарандык жана кылмыш иштерин караган. Ал кабыл алган чечим менен өкүмдөр акыркы болуп, аларга даттануулар берилчү эмес. Бирок Президиуму менен Пленуму уюшулганга чейин аларга СССРдин Прокурору менен Жогорку Сотунун Төрагасынын каршылык билдирүүсүн көзөмөлгө алуу эрежеси боюнча СССРдин Жогорку Соту гана өзгөртүү киргизген.

«Сот түзүлүшү жөнүндөгү» Мыйзамга ылайык соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм, чечимдеринин аткарылышын токтотууга СССРдин Прокурору, СССРдин Жогорку Сотунун Төрагасы, ошондой эле республикалардын Жогорку Сотунун Төрагасы менен прокурорлору гана укуктуу болчу.

1941-жылга чейин Кыргыз Республикасы Фрунзе, Талас, Ысык-Көл, Тянь-Шань, Ош, Жалал-Абат облустарынан туруп, республикада 6 облустук сот иштеген.

Облустук сот төрагадан, анын орун басарынан, сот мүчөлөрүнөн, 1-инстанциядагы сот иштерине катышууга чакырылган эл арачыларынан турган.

Облустук сот 1-инстанция катары контрреволюциялык жана мамлекеттик башкарууга каршы болгон өзгөчө коркунучтуу, белгилүү өлчөмдөгү социалисттик мүлктү тоноо, өзгөчө маанилүү кызматтык жана чарбалык кылмыш иштери, ошондой эле мыйзамда белгиленген айрым жарандык иштерди карашкан.

Облустук соттун курамында облустук сотко караштуу кылмыш жана жарандык иштерин 1-инстанциядагы соту катары караган соттук коллегиялар иштеген, ошондой эле элдик соттордун чечимдерине, өкүмдөрүнө карата берилген арыздарды, даттанууларды, каршылыктарды кассация тартибинде карашкан. Иштерди кароодо облустук сот Жогорку Сотунун жазык жана жарандык иштер боюнча соттук коллегияларынын иш кароо тартиптерин жетекчиликке алып, бирок элдик соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдерин, өкүмдөрүн көзөмөл тартибинде жокко чыгарып же өзгөртүүгө укуксуз болгон.

Ошентип, облустук сот 2-инстанциядагы сот катары аймактагы эл сотторуна салыштырмалуу жогору турган орган болуп саналган. Ал эл сотунун иш өндүрүшүнөн ар кандай жарандык жана кылмыш иштерин алып салууга жана өзүнүн биринчи инстанциядагы маанилүү ишин кароого укуктуу болгон.

Облустук соттун кабыл алынган өкүмдөрү менен чыгарган чечимдерин Кыргыз ССРинин Жогорку Соту гана кассациялык тартипте карай алган.

1936-жылдагы Конституциясында Кыргыз ССРинде сот адилеттигин СССРдин Жогорку Кенешинин токтому менен түзүлгөн төмөнкү атайын соттордун ишке ашыруусу каралган:

–  аскер трибуналдары;

– темир  жол унаалык тилкелик соту;

–  СССРдин сот тутумуна кирген жана баардык сотторго жалпы материалдык жана процессуалдык укуктун негизинде иш алып барган унаалык тилкелик соту.

Атайын соттордун курамы 5 жылдык мөөнөткө шайланган. Атайын соттордун соттук кеӊешмесине катышууга эмгекчи депутаттардын облустук крайлык кеӊеши менен союздук жана автономдуу республикалардын Жогорку Соттору тарабынан шайланган арачылары тартылган. Атайын соттор баардык сотторго бирдей таандык болгон материалдык жана процесстик мыйзамдын негизинде иштешкен. Суу жана темир жол транспорттук соттору суу жана темир жол траспортундагы ошол мезгилде түзүлгөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу уюшулган. Алар эл чарбасынын бул тармагындагы кылмыштуулук менен күрөшүүдө олуттуу роль аткарган.

Кыргыз ССРинин райондук (шаардык) эл сотунун судьялык жана эл арачылар кызматы шайлануучу жана элдин астында жооп берүүчү болгон.

Кыргыз ССРинин сот өндүрүшү кыргыз тилинде жүргүзүлүп, ал эми айрым орус жана өзбек калкы басымдуу жашаган аймактарда сот иши алардын тилдеринде, ал эми тил билбеген калган улуттардын өкүлдөрүн иштин ичиндеги материалдары менен тааныштырууну котормочу аркылуу жүргүзүп, ал эми сот отурумунда алар өз эне тилдеринде чыгып сүйлөөгө укуктуу болушкан.

1938-жылы «Кыргыз ССРинин Юстициясынын эл комиссариаты жөнүндөгү» жобосу бекитилген. Ага ылайык Элкомюстка сот мекемелеринин ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылуу жана уюштуруу милдети бекитилген. Анын курамына статистика сектору кирген сот органдарынын башкармасынан, кадрлар, кодификациялоо, нотариат, план-каржылык бөлүмдөрүнөн, көзөмөл-инспектордук тобу, секретариат, архив ден турган.

Элкомюсттун облустук башкармалыгы соттордун секторунан, кадрлар бөлүмүнөн, каржы-чарбалык сектордон жана секретариаттан турган.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда республика аны менен бирге соттук тутум оор мезгилди башынан өткөрдү.

Ал мезгилиндеги кайра куруу тартиптерин аныктаган алгачкы актылар болуп, «Аскердик абал жөнүндө», «Жер-жерлердеги аскер трибуналдары, аскер абалдарын жарыялоо, райондордогу аскердик аракеттер жөнүндөгү жоболорду бекитүү жөнүндөгү» жарлыктары саналат.

Бул документтерге ылайык согуш абалы жарыялангандан баштап, мамлекеттик бийлик органдарынын баардык функциялары коомдук тартип менен мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу аскердик фронт кеӊешине, армия, аскер округдарына, ал эми аскер округдары жок жерлерде – аскер бирикмелеринин жогорку колбашчысына милдеттендирилген. Иштердин караштуулугу аныкталып, аскер трибуналдарынын ыйгарым укуктары бир кыйла кеӊейген. Мындан сырткары, колбашчылык зарыл деп тапса, аскер бийликтерине алыпсатардык, зөөкүрдүк, союздук республикалардын Кылмыш кодекси менен каралган иштерди аскер трибуналына иликтөөгө жиберүү укугу берилген.

Согуш мезгилинде аскер трибуналына фронтто гана эмес, тылда да бир кыйла оор кылмыштардын түрү менен күрөшүү милдети ыйгарылган: аскер өнөр жай ишканаларынан өзүм билемдик менен кетип калуу, аскер ишин үйрөнүү милдетинен качкандар, аскердик каттоо эрежесин бузгандар жана башкалар.

Согуштун биринчи жылдарында Кыргызстандагы эл сотторунун 76 участкасы, республиканын Жогорку Соту менен 5 облустук сот иштеген. 1942-жылы Фрунзе гарнизондук аскер трибуналы уюшулган.

Айрым райондук сотторго кайрылгандардын саны көбөйгөнүнө, ошол эле учурда аймактардын чачкын, тоолуу келгендигине байланыштуу Элкомюст бул райондорго кошумча эл сотторунун ордун түзүү маселесин чечип, 10 участкасы ачылган. Айрым райондордун бириктирилгенине байланыштуу жаӊы райондорго эл соттору ачылган. 1944-жылдын 1-июлунда республикада эл сотторунун 90 участкасы иштеген. Элкомюст менен облустук кеӊешинин алдындагы 6 башкармалык органы административдик башкаруу функциясын аткарган.

Эл судьяларын, эл арачыларын шайлоо согушка байланыштуу өткөрүлгөн эмес. Согушка чейин шайланган эл сотторунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтсө да узартылып турган. Жаӊыдан уюшулган участканын судьялары мурдагыдай эле тартип менен шайланышкан.

Согуштун алгачкы эле күндөрү сот кызматкерлеринин дээрлиги Советтик Армиянын катарына чакырылган, ушул себептен сот кызматкерлеринин курамында аялдардын саны бир нече эсеге көбөйгөн (Жогорку Сотто – 40%, облустук соттун мүчөлөрүн – 33% жана элдик судьяларды – 39% аялдар түзгөн).

Согуш бүткөндөн кийин ал мезгилдин шарттарынын негизинде кабыл алынган кээ бир мыйзамдар жана ченемдик актылар жокко чыгарылган же өзгөртүлгөн.

Өлүм жазасы 25 жылдык мөөнөттөгү эмгек-түзөтүү абагында өтөөгө алмаштырылган, бирок буга шпиондор, жардыруучу-диверсанттар, ошондой эле оордотуучу жагдайларда атайын адам өлтүргөндөрдөн башкалары кирген эмес. СССРдин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) аскер трибуналдары жоюлган.

1948-жылы республикада 94 элдик судья жана 6 005 эл арачылары шайланган.

1953-жылы темир жол, суу унааларынын тилкелик соттору кошулуп, бирдиктүү унаалык соттор уюшулган.

1956-жылы СССРдин Юстиция министрлиги жоюлган. Анын союздук республикалардын сот мекемелерине жана юстиция органдарына жетекчилик кылуу милдети союздук республикалардын юстиция министрлигине жүктөлгөн.

Крайлык, облустук сотторго эл сотторунун ишине текшерүү жүргүзүп, алардын бардык ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү жүзөгө ашыруу укугун берген. Ушуну менен эл депутаттарынын крайлык, облустук кеӊешинин алдындагы союздук республикалардын юстиция министрлигинин башкармалыгын жойгон. Крайлык, облустук сотторго мамлекеттик нотариалдык мекемелерге жетекчилик кылуу милдети ыйгарылган, сот аткаруучулар эл судьялары тарабынан бекитилген.

Кыргыз ССРинде ушул мезгилде иштеп жаткан эл депутаттарынын облустук кеӊешинин алдындагы Юстиция министрлигинин 5 башкармалыгы жоюлуп, алардын башкаруу функциялары облустук сотко өткөрүлгөн.

1957-жылы унаалык соттор жоюлуп, аларга караштуу иштерди союздук республикалардын Жогорку сотторуна иштердин караштуулугуна жараша бөлүнүп берилген.

Ошол жылы «СССРдин Жогорку Соту жөнүндө» жобо бекитилип, анда союздук республикалардын сот органдарынын укугун бир кыйла эсеге кеӊейткендиги белгиленген. СССРдин Жогорку Сотунун курамына СССР Жогорку Сотунун Пленумунун ишине катышчу, сот ишмердүүлүгүндөгү мыйзамдарды колдонуу маселелери боюнча сотторго жетектөөчү түшүндүрмөлөрдү берүүчү союздук республикалардын Жогорку Сотунун төрагалары кирген.

60-жылдары бир нече мыйзамдар кабыл алынган, анын ичинде СССРдин жана союздук республикалардын жарандык мыйзамдарынын негиздери жана СССРдин жана союздук республикалардын жарандык сот өндүрүшүнүн негиздери (1961), СССРдин жана союздук республикалардын нике жана үй-бүлө жөнүндө мыйзамдары (1968).

Булар менен бирге Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасында Сот түзүлүшү жөнүндөгү мыйзамы, Кылмыш-жаза жана Кылмыш процесстик кодекси,  Жарандык жана Жарандык процесстик кодекстери, ошондой эле Нике жана үй-бүлө жөнүндөгү кодекси иштелип чыгып, кабыл алынган.

«Сот түзүлүшү жөнүндөгү» Мыйзам менен жана «Эл сотторун шайлоо жөнүндөгү» жобо боюнча шайлоого сот органынын аймагында жашаган калктын бардыгы катышууга укуктуу болушкан. Ал эми элдик сотко талапкерди коюу укугу коомдук уюмдар, эмгекчи коомчулугу жана жумушчу, дыйкан, кызматкерлердин жалпы жыйынына берилген. Мыйзамда эл судьяларынын шайлоочулар алдында отчет берүүсү гана көрсөтүлбөстөн, ошондой эле облустук соттун судьялары – облустук кеӊешине, Жогорку Соттун судьялары –Жогорку Кеӊешине, ал эми сессиялардын ортосунда – Жогорку Кеӊештин Президиумунун алдыларында отчет берүүлөрү белгиленген.

Шайлоочулардын же шайлоо органдарынын эл судьяларын, эл арачыларын мөөнөтүнөн мурда кайрадан чакыртып алуу же аларга карата чыккан соттук өкүмдүн негизинде кызматынан бошотуу тартиби сакталган.

Облустук сот төрагадан, анын орун басарларынан, сот мүчөлөрү жана эл арачыларынан  туруп, жарандык иштер боюнча – сот коллегиясы, кылмыш иштери боюнча – сот коллегиясы жана Президиумдун курамында иш алып барган. Президиум төрагадан, анын орун басары, жана облустук кеӊешинин аткаруу комитети санын аныктаган соттун мүчөлөрүнөн турган.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Жогорку Сот органы катары Кыргыз ССРинин Жогорку Соту саналган, анын судьялары Жогорку Кеӊеш тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган.

1959-жылы Кыргыз ССРинин Юстиция министрлиги жоюлуп, облустук жана эл сотторунун ишин текшерип, көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле республика боюнча сот статистикасын алып баруу милдети Жогорку Сотко жүктөлгөн. Башкача айтканда, Жогорку Сотко облустук жана эл соттору менен нотариалдык мекемелерге карата уюштуруу-башкаруу функциялары жүктөлгөн.

1967-жылы республиканын Жогорку Сотунун алдында коомдук башталыштагы сот кызматкерлери жана илимпоз юристтерден турган Илимий-консультациялык кеӊеши түзүлгөн. Ал кеӊешме орган деп саналып, анда сот тажрыйбасын жалпылоо менен өздөштүрүү натыйжаларында пайда болгон юридикалык татаал маселелер талкууланып, Жогорку Соттун Пленумуна даярдалган материалдар каралган. Илимий-консультациялык кеӊештин мүчөлөрү Жогорку Сот тарабынан иштелип чыккан методикалык көрсөтмө, китептер жана башка басылмаларды талкуулоо менен соттук тажрыйбаны жалпылоого катышчу.

Кеӊештин ишин  анын мүчөлөрүнүн жалпы жыйналышында шайланган илимий катчы менен төрагасы уюштурган.

1970-жылдары Жогорку Соттун курамы бир аз өзгөрүп, ыйгарым укугу кеӊейген. Жогорку Сот Төрагадан, анын 2 орун басары, сот мүчөлөрү, ошондой эле 2 эл арачыларынан туруп:

–  жарандык иштер боюнча сот коллегиясы;

–  кылмыш иштери боюнча сот коллегиясы;

–  Жогорку Соттун Президиуму;

–  Жогорку Соттун Пленуму менен иш алып барган.

1979-жылдын аягында Фрунзе шаардык соту түзүлгөн.

1981-жылы «Кыргыз ССРнин райондук (шаардык) элдик сотторунун элдик судьяларын жана эл арачыларын чакыртып алуу жөнүндөгү» жарлык кабыл алынган. Ага ылайык элдик судья, элдик арачы аларга берилген ишенимди актабай же элдик судьянын бийик наамына татыктуу эмес иш-аракеттерди жасап, наамдарын булгаган жосундары үчүн өздөрүнүн шайлоочулары аркылуу ээлеп турган кызматтык орундарынан кайра чакырылаары белгиленген.

Бул укукка коомдук уюмдар, эмгек жамааттары ээ болгон, алардын чечимдери райондук жана шаардык эл депутаттарынын аткаруу комитеттерине каралууга жөнөтүлчү.

1990-жылдары Кыргыз ССРинин сот тутумун республиканын Жогорку Соту, облустук соттору, Фрунзе шаардык соту, Аскер соту, райондук (шаардык) элдик соттору түзгөн.

Судьялардын эгемендүүлүгүн жана алардын мыйзамга гана баш ийерин катуу сактоо менен  соттордун ишин камсыздоо милдети Кыргыз ССРинин Юстиция министрлигине, облустук эл депутаттар кеӊештеринин юстиция башкармалыгынын аткаруу комитеттерине жүктөлгөн.

1990-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө декларациясы кабыл алынган.

1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү декларациясы кабыл алынды. Ошул күндөн баштап кыргыз элинин тарыхында турмуштун жаӊы барагы, көз карандысыз, өз алдынча өнүгүүнүн жаӊы жолу башталды.

1992-жылы «Кыргыз Республикасынын арбитраждык соту жөнүндөгү» жана «Кыргыз Республикасынын арбитраждык сотторунун чарба талаштарын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамдар кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасындагы министерстволук, мамлекеттик комитеттик жана ведомстволук арбитраждар жоюлган.

1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынып, анда Кыргызстан эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик бийлиги мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бөлүштүрүү  принциптерине негизделген республика деп белгиленди.

Конституция кабыл алынгандан баштап сот тутумунун көз карандысыздыгын жана анын ролун өстүрүү максатында  чоӊ иштер башталды.

Кыргыз Республикасынын сот тутуму Конституциялык сотунан, Жогорку Сотунан, Жогорку арбитраждык сотунан жана жергиликтүү сотторунан (облустук, Бишкек шаарынын, шаарлардын, райондордун сотторунан, облустардын арбитраждык сотторунан, аскер сотторунан, ошондой эле аксакалдар жана ортомчул сотторунан) турган.

Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоо боюнча сот бийлигинин жогорку органы, ал мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылары Конституцияга карама-каршы келген учурда аларды Конституцияга ылайык эмес деп табуу;

Конституцияны ишке ашырууга, колдонууга жана аны түшүндүрүүгө байланыштуу талаштарды чечүү; Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун мыйзамдуулугу жөнүндө корутунду чыгаруу; Кыргыз Республикасынын Президентин, ошондой эле Конституциялык соттун, Жогорку Соттун жана Жогорку арбитраждык сотунун судьяларын кызматтан четтетүү жөнүндөгү маселе боюнча корутунду чыгаруу; жергиликтүү соттордун судьяларын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү; Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маселе боюнча корутунду чыгаруу; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына туура келбеген чечимдерин жокко чыгаруу; жарандардын конституциялык укугуна тиешелүү укук колдонуу тажрыйбасын Конституцияга ылайыктуулугу жөнүндө чечимдерди кабыл алган.

Жогорку Сот жергиликтүү сотторго караштуу жарандык, жазыктык, административдик иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналып, мыйзамда каралган тартипте облустук, Бишкек шаардык, райондук, шаардык жана аскер сотторунун сот иштерине көзөмөлдүүлүктү жүзөгө ашырган.

Жогорку Сотунун түзүмү Пленумдан, Президиумдан, жазык жана жарандык иштер боюнча соттук коллегиялардан турган.

Облустук соттор апелляциялык инстанциянын ролун аткарышкан, башкача айтканда, биринчи инстанция сотторунун мыйзамдуу күчүнө кире элек соттук актыларын карашчу. Иштер райондук сотто маӊызы боюнча каралган.

Кыргыз Республикасында облустук соттун деӊгээлиндеги Кыргыз Республикасынын Аскер соту, райондук соттордун деӊгээлиндеги гарнизондук аскер соттору иштеп келген. Алар сот адилеттигин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө, аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин иштерин жана дагы процессуалдык мыйзам менен караш туулугу аныкталган иштерди карашкан.

Экономикалык талаш-тартыштарды чечүү менен менчиктин ар түрдүү формасына негизделип чарба жүргүзүүчү ишканалар, мекемелер, уюмдардын бузулган укуктарын, мыйзамдуу таламдарын коргоо маселелери боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашыруучу арбитраждык соттордун тутуму  Жогорку арбитраждык соттон жана облустук арбитраждык соттордон турган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку арбитраждык соту арбитраждык сот өндүрүшүндөгү жогорку сот органы болуп эсептелинип, облустук жана Бишкек шаардык арбитраждык сотторунун биринчи жана апелляциялык инстанциялар катарында кабыл алынган, мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдерин, токтомдорун кассациялык тартипте кайра кароо ишин жүргүзчү. Жогорку арбитраждык сотунун Президиуму Жогорку арбитраждык сотунун Төрагасынын жана анын ыйгарым укуктуу орун басарынын сунуштарынын негизинде мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды кайрадан караган.

Кыргызстан көзкарандысыздыкка ээ болгондон баштап сот тутумунда негиздүү өзгөрүүлөр болуп өттү.

Бийликти бөлүү конституциялык принцип ар-бир бийлик бутактарынын көзкарандысыздыгын белгилеген. Соттордун ишмердүүлүгүнүн көзкарандысыздыгы принципиалдуу жаӊы соттук өз алдынча башкаруу органын түзүүгө муктаж экендигин көрсөттү.

Ошондуктан 1994-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын I Уюмдаштыруу курултайы болуп өтүп, соттук реформанын негизги багыттары иштетилип чыккан.

Соттук өз алдынча башкаруу органдары – Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊеши жана ушул кеӊешке караштуу соттук администрациялоо органы түзүлгөн. Юстиция министрлигинин сотторду камсыздоо укугу соттук администрациялоо органына өткөрүлүп берилген.

Жарандык, Эмгек, Кылмыш-жаза, Жаза-процессуалдык, Жарандык процессуалдык, Арбитраждык процессуалдык кодекстерди, соттордун жана судьялардын статусу жөнүндөгү мыйзамдардын жана башка ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жандандырылган.

1996-жылдын 10-11-декабрында республиканын судьяларынын II Курултайы болуп өттү. Анда соттук-укуктук реформа боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы чыгарылып, келечектеги пландар белгиленген.

Соттук коомдоштуктун жалпы кызыкчылыгын коргоо, судьялардын статусун жогорулатуу, укуктук тартипти, мыйзамдуулукту жана тартипти  чыӊдоо максатында курултайда республиканын Судьялар ассоциациясы – коомдук бирикмесин түзүү жөнүндө чечим жана Судьялардын ар-намыс кодекси кабыл алынды.

Соттук иштерди сапаттуу кароо менен судьялардын мыйзамдарды квалификациялуу колдонуу маселелерин чечүү үчүн 1998-жылы Судьялардын окуу борбору уюшулган. Бул борбордо судьялардын, соттордун жана Сот департаментинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо иштери жүргүзүлөт.

1998-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот реформасы боюнча комиссия түзүлгөн. Анын негизги максаты сот реформасын жүргүзүү боюнча соттордун ишмердүүлүгүнүн тартибин жана уюштуруусун жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу боюнча мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинин органдарынын, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешинин жана Судьялар ассоциациясынын макулдашылган аракеттерин камсыздоо болуп эсептелинген. Иштин жыйынтыгы боюнча комиссия «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жалпы юрисдикциядагы жергиликтүү соттор жөнүндөгү» Мыйзамдын долбоорун даярдап, ал Жогорку Кеӊештин Мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан кабыл алынып, 1999-жылдын 1-майында күчүнө кирген.

Ушул эле мыйзамдын негизинде жалпы юрисдикциядагы соттордун тутуму Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирилген, иштердин караштуулугу алмаштырылган, кассация институтунун ордуна апелляция институту киргизилген, судьялардын көзкарандысыздыгын, сот өндүрүшүнүн атаандашуучулугунун, демократиялыкты жана соттук коргоонун жеткиликтүүлүгүн камсыздаган негиздер бекитилген. Көрсөтүлгөн мыйзамдын жоболорун ишке ашырууда аскер сотторунун тутуму түзүлгөн.

Мындан тышкары, бир нече жаӊы ченемдик укуктук актылар кабыл алынган: «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндөгү» (1993), Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси (1996, 1998), Кыргыз Республикасынын Арбитраждык (1996) жана Жарандык-процессуалдык (1999) кодекстери, Кыргыз Республикасынын Жазык (1997) жана Жазык-процессуалдык (1999) кодекстери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекси (1998).

«Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жана соттук аткаруучулардын статусу жөнүндөгү», «Кыргыз Республикасынын Арбитраждык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү», «Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндөгү» мыйзамдардын долбоорлору жактырылган.

Кыргыз Республикасынын судьяларынын III Курултайы 1999-жылдын 22-23-майында болуп өткөн.

Курултайда сот адилеттигин ишке ашыруу боюнча соттордун ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу, жарандардын, физикалык жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кыйшаюусуз сактоо боюнча, басмырлоо, тегинин, жынысынын, улутунун, тилинин, дининин, саясий жана башка көз карашынын же өздүк, коомдук мүнөздөгү башка кээ бир шарттар жана жагдайлар боюнча укуктарын жана эркиндиктерин чектөө фактыларын болтурбоо маселелери талкуулаган.

Судьялардын курултайынын ишинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумунун мындан ары өнүгүшү боюнча чаралар жөнүндөгү» 1999-жылдын 2-июнундагы  №134 Жарлыгы чыккан. Аны ишке ашыруу тартибинде өкмөттүн 2000-жылдын 25-августундагы №527 токтому менен Кыргыз Республикасынын сот тутумунун материалдык-техникалык базасын 2000-2005-жылдарындаөнүктүрүү боюнча программа бекитилген.

Кыргыз Республикасынын судьяларынын IV Курултайы 2001-жылдын 22-майында болуп өтүп, анын негизги аракети республиканын баардык сотторунун биригүүсүнө жана сот тутумун мындан ары реформалоо жана жакшыртуу боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгууга жумшалган.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынып, анда соттук коомдоштугунун, жана ошондой эле мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын  аракеттери төмөнкүлөргө багытталуусу керек экендиги белгиленген:

– сот түзүлүшүнүн жакшыруусуна;

– соттордун көзкарандысыздыгынын жана өз алдынча мындан ары бекемделишине;

–  иштердин сотко караштуулугун өзгөртүү жана апелляциялык инстанция сотунун ыйгарым укуктарын кеӊейтүүгө;

– сот көзөмөлүн жакшыртууга;

– юридикалык кадрларды даярдоону жакшыртуу, сот тутумун жогору квалификациялуу судьялар жана соттордун аппараттарынын кызматкерлери менен бекемдөөгө;

– сотторду тийиштүү каражаттар жана материалдык-техникалык ресурстар менен камсыздоого;

– судьяларга өзүнүн кесипкөйлүк милдетин аткаруу жана Кыргыз Республикасынын судьяларынын Ар-намыс кодексин сактоо боюнча талаптарды жогорулатууга;

– судьялардын тартип жоопкерчилигинин эффективдүү механизмин киргизүүгө;

– сот адилеттигинин айкындыгы жана ачыктыгы принцибин ишке ашырууну камсыздоого.

Курултайдын резолюциясынын негизиндеги маселелерди аткаруу максатында 2001-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму Кыргыз Республикасынын судьяларынын IV Курултайынын резолюциясын Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ишмердүүлүгүнүн негизи катары кабыл алуусун токтом кылган. Ушул эле токтомдун негизинде Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын арасынан колдонулуп жаткан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтор түзүлгөн, аларга 2001-жылдын 10-июлуна чейин мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун дайындоо тапшырылган.             

2003-жылдын 18-февралында сот тутумуна өзгөчө маанилүү «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаӊы редакциясы жөнүндөгү» Кыргыз республикасынын мыйзамы кабыл алынды.

Конституциянын жаӊы редакциясы Кыргыз Республикасынын сот тутумунун өнүгүүсүнүн башка багытын бекитти. Жаӊылануулардын бири арбитраждык сот тутумунун жалпы юрисдикциядагы сот тутуму менен интеграциялоо болуп эсептелинди. Ошол учурдан баштап сот бийлигин Конституциялык сот жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттору көрсөтүп, ишке ашыра баштады.

2003-жылдагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаӊы редакциясынын негизинде жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо тартиби өзгөрдү. Алар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындала башташты.

2003-жылдын 13-июнунда сот тутумун мындан ары реформалоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттору жөнүндөгү» жаӊы Мыйзам кабыл алынды.

Көрсөтүлгөн мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Төрагадан, анын 4 орун басарынан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 30 судьясынан түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда:

– Пленум;

– Президиум;

– жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегия;

– жарандык иштер боюнча соттук коллегия;

– экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынан турган түзүм иштей баштады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Президиуму:

– биринчи инстанциядагы сот катарында облустук жана аларга теӊештирилген соттордун соттук коллегияларынын сот актыларын көзөмөл иретинде, анын ичинде сот процессинин катышуучуларынын даттануулары жана сунуштары боюнча ушул эле соттордун президиуму тарабынан кайра каралган (каралган) иштер боюнча кайра кароону (кароону);

– өздөрү кабыл алган сот актыларын жаӊы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароону ишке ашырган.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун тутумун:

– облустук жана аларга теӊештирилген соттор (Кыргыз Республикасынын Аскер соту жана Бишкек шаардык соту);

– райондук жана ага теӊештирилген соттор (шаардагы райондук, шаардык соттор, гарнизондордун аскер соттору, экономикалык иштер боюнча райондор аралык соттор) түзгөн.

Облустук соттор төрагадан, анын орун басарларынан, судьялардан туруп:

– соттун президиуму;

– жазык жана администрациялык иштер боюнча соттук коллегия;

– жарандык иштер боюнча соттук коллегия;

– экономикалык иштер боюнча соттук коллегиялардын курамында иштеген.

Облустук соттун президиуму экинчи инстанциядагы сот катары иш жүргүзүү менен:

– процесске катышкандардын даттануулары жана сунуштары боюнча райондук жана ага теӊештирилген соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра кароону (кароону);

– процесске катышкандардын даттануулары жана сунуштары боюнча областтык соттун соттук коллегиясы биринчи инстанциядагы сот катары караган иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирбеген сот актыларын кайра кароону (кароону) жүзөгө ашырган.

Облустук соттун соттук коллегиялары биринчи инстанциядагы сот катары:

– жазык жана администрациялык иштер боюнча соттук коллегиясы кылмыштар үчүн өлүм жазасы чектелиши мүмкүн болгон жазык иштерди;

– жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы – Кыргыз Республикасынын салык, бажы кызматтарынын жана Социалдык фондунун органдарынын актыларын кошпогондо, доо арызын берген учурда аныкталган эӊ аз эмгек акыдан элүү миӊ эсе ашкан баадагы доо коюлган, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, дагы башка органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамдарга жана дагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген жана жарандык укуктары менен мыйзамдуу таламдарын бузган актыларын жараксыз (толугу менен же жарым-жартылайын) деп табуу жөнүндөгү иштерди;

– экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы – Кыргыз Республикасынын салык, бажы кызматтарынын жана Социалдык фондунун органдарынын актыларын кошпогондо, доо арызын берген учурда аныкталган эӊ аз эмгек акыдан элүү миӊ эсе ашкан баадагы доо коюлган юридикалык жактардын жана/же юридикалык жактарды түзбөстөн ишкердик менен алектенген жарандардын ортосундагы мүлктүк талаш-тартыштарды, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, дагы башка органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамдарга жана дагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген жана юридикалык жактардын жана юридикалык жактарды түзбөстөн ишкердик менен алектенген жарандардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын бузган актыларын жараксыз (толугу менен же жарым-жартылайын) деп табуу жөнүндөгү иштерди карашкан.

Экинчи инстанциядагы сот катары облустук соттун соттук коллегиялары райондук жана ага теӊештирилген соттордун мыйзамдуу күчүнө кирбеген сот актыларын процесстик мыйзамга ылайык жана тартипте кайра кароону (кароону) жүзөгө ашырган.

Райондук сот биринчи инстанциядагы сот болуп саналып:

– облустук сот кароого тийиш болгон иштерди кошпогондо, жарандык, жазык, администрациялык, экономикалык жана дагы башка иштер менен материалдарды карайт. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, экономикалык иштер боюнча райондор аралык сот доо арызы берилген учурда аныкталган бир миӊ беш жүздөн элүү миӊ эсеге чейинки эӊ аз эмгек акы менен бааланган, тараптары юридикалык жактар жана юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик менен алектенген жарандар болуп саналган экономикалык талаш-тартыштарды, ошондой эле банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө иштерди;

– жаӊыдан ачылган жагдайлар боюнча ушул сот мурда кабыл алган, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра караган;

– мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын аткартып, алардын аткарылышына көзөмөлдүк кылган.

Арбитраждык сотторду интеграциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан реформанын негизинде 2004-жылы Жарандык процесстик кодекс экономикалык талаштарды кароонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө өзүнчө бөлүм менен толукталган.

2006-жылдын негизги окуяларынын бири болуп «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаӊы редакциясы жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу болду, анын кабыл алынышы менен жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо тартиби түпкүлүгү менен өзгөрдү.

Эгерде мурун колдонулуп жаткан мыйзамга ылайык жергиликтүү соттордун судьялары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалса, анда азыр Конституциясынын жаӊы редакциясына ылайык алар Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги боюнча Улуттук кеӊештин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.

Кийинки жылдары укуктук механизмди жакшыртуу максатында  «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттору жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, ал өзүнүн мазмуну боюнча Кыргызстандын сот түзүмүнүн маселелеринин чегин аныктады.

Облустук жана ага теӊештирилген соттордун караштуулугунан биринчи инстанция соттору катары каралган иштер алынып салынган.

Көрсөтүлгөн мыйзамдын негизинде райондук сотторго аскер сотторуна жана райондор аралык сотторуна караштуу иштерден башка баардык иштер караштуу болуп калды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана облустук соттордун түзүмүнөн соттук президиум чыгарылып салынды.

2006-жылы конституциялык реформаны жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын V Курултайы болуп өттү.

Курултайда Кыргыз Республикасынын Президенти Бакиев Курманбек Салиевич сөз сүйлөп, ошондой эле чакырылган адамдар республиканын сот тутумунун  абалы жөнүндө баяндамалар менен  чыгышкан. Мамлекет башчысы өзүнүн сөзүндө соттордун ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана мындан ары реформалоо боюнча бир катар сунуштарды  айткан.

Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттин 15 жылдык көзкарандысыздыгынын учурунда созулуп кеткен соттук реформа элдин соттук отурумга кирүү мүмкүнчүлүгүн четтөөгө алып келгендигин; жарандардын сот адилеттигин ишке ашырууга катышуусу боюнча шарттарынын жетишсиздигин;  процесстик өндүрүштү, соттук кадрларды тандоону жана аларды дайындоону; шайлоону жөнгө салган  мыйзам базасынын начарлыгын; материалдык-техникалык жана уюштурууну камсыздоонун начарлыгын; ошондой эле соттук өз алдынча башкаруу институттарынын толук кандуу иштебегендигин белгилеген. Баардык саналып кеткен фактылар, мамлекет башчысынын берген баасы боюнча, сот адилеттиги тутумундагы бир катар негизги көйгөйлөрдү түзгөн.

Акыйкаттуу, көзкарандысыз жана эффективдүү сот тутумун түзүү максатында өлкөнүн Президенти тарабынан аны реформалоо боюнча бир катар сунуштар айтылды.

Биринчиден – Кыргызстандын сот реформасынын негизине төмөнкү: сот жарандарга жеткиликтүү болуп, анын ишмердүүлүгү жарандык коомго ачык болушу; элдин өкүлдөрүнө сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга тийиштүү шарттар түзүлүшү; мыйзамдуулукту жогору койгон «жаӊы кадрларды» чакыруу; өзүнүн бюджетин өз алдынча түзүү жана колдонуу; бузулган коомдук мамилелердин калыбына келтирүү мамилесин тануу жана өнүктүрүү, жазалоочу мамилесине карама каршы коюууну.

Экинчиден – конституциялык реформанын жүрүшүндө судьялардын көзкарандысыздыгын, ошону менен бирге алардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жаӊы негиздери коюлууну.

Yчүнчүдөн – Кыргыз Республикасынын судьяларынын жүрүм-туруму  кемтиксиз болгон учурда алардын ыйгарым укуктарын сактоо менен жашынын жогорку чегине чейин дайындоого (шайлоого) өтүүнү.

Төртүнчүдөн – судьялардын кол тийгиздик статусун сактап калууну.

Бешинчиден – соттук кадрларды тандоонун жаӊы жолуна өтүүнү.

Алтынчыдан – жакынкы арада жарандардын сот адилеттигин ишке ашырууга катышуу конституциялык укугун, башкача айтканда, соттордо сот арачыларын киргизүү маселесин кароону.

Жетинчиден – сотко чейинки жарандардын укуктарын ишке ашырууну камсыздоо үчүн жарандардын конституциялык укугун четтөөчү (камакка алуу, карап чыгуу, тинтүү, алып коюу, телефон аркылуу жана башка сүйлөшүүлөрдү тыӊшоо, корреспонденцияны кароо жана камакка алуу) тергөө аракеттерине санкция берүү боюнча укуктарды прокуратурадан сотторго өткөрүп берүү жөнүндө  маселени кароону тездетүүнү; Кыргыз Республикасынын Президенти жазык мыйзамынан өлүм жазасын колдонуу жөнүндөгү жобону алып салып, аны өмүр бою же көрсөтүлгөн узак мөөнөткө алмаштыруу боюнча маселени карап чыгууну.

Сегизинчиден – сот өндүрүшүнүн ачыктыгын жана айкындыгын аны компьютерлештирүү менен баардык соттук актыларды электрондук форматка өткөрүү жана аларга жарандардын жетиштүүлүгүн камсыздоо, соттук отурумдун жүрүшүн техникалык каражаттардын жардамы менен жаздырууну камсыз кылуу жолдору  менен жогорулатууну.

Тогузунчудан – сот адилеттиги имараттарынын типтүү долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды курууну баштоону, бул соттордо судьялардын, сот арачыларынын, соттук аткаруучулардын, катчылардын, сот сакчыларынын, прокурорлордун, адвокаттардын, жактардын өкүлдөрүнүн иштерине тийиштүү шарттарды түзөт, суракты күтүп жаткан күбөлөрдү башкалардан бөлүп коюуусуна, ошондой эле коомчулуктун катышуусун камсыз кылууну.

Онунчудан – Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына квалификациялуу юридикалык жардамдын жетиштүүлүгүн камсыздоону, ал эми муктаж болгондорго бекер юридикалык жардам көрсөтүүнү.

Он биринчиден – сотторду жана судьялардын ишине кийлигишүүгө, алардын функциясын мамлекеттин башка органдары жана кызмат адамдары тарабынан өзүмдүк кылууга жол бербөөнү сунуш кылды.

Курултайдын катышуучулары Президенттин сот тутумун реформалоо боюнча сунуштарын бирдиктүү колдоп резолюция кабыл алышып, анда өлкөдө жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформа жактырылып, бул боюнча аны ишке ашырууда бир катар сунуштар киргизилген.

Мындан тышкары, Судьялардын курултайында судьялардын жумушта жана жумуштан тышкары этикалык жүрүм-турум нормаларын жана судьяларга коюлган талаптардын жогорулашына багытталган, судьялардын мыйзамды бузууда жоопкерчилигин, милдетин тийиштүү аткарбагандыгын камтыган Судьялардын ар-намыс кодексинин жаӊы редакциясы кабыл алынган.  

2007-жылдагы конституциялык реформа сот тутумундагы таасирдүү жетишкендиктерден болду.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаӊы редакциясы жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 21-октябрындагы Мыйзамын кабыл алуу менен Конституцияда судьяларды дайындоонун жаӊы багыттары, аны менен бирге судьялардын жашынын жогорку чеги аныкталды жана анын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы  боюнча, ошондой эле сот тутумунун бюджетин өз алдынча түзүү, Судьялар кеӊешинин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеӊештин укуктук статусу аныкталды, сот адилеттигин ишке ашыруу боюнча жарандардын сот арачылары катары катышуусу Конституцияда бекитилди, камакка алуу бөгөт коюуу чарасын санкциялоо прокуратурадан сот органдарына берилди, ошондуктан соттук корпусунун саны бир топ көбөйдү, жазык мыйзамынын гумандашуусунун чегинде өлүм жазасы өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасына алмаштырылды.

Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын таасирдүү коргоону камсыз кылуу үчүн сот жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүнүн керектүү  шарттарын түзүү максатында 008-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу менен Кыргыз Республикасынын сот жана укук коргоо органдарын реформалоо Концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн иштөө тобу түзүлгөн.

Ушул эле жылы сот адилеттигин ишке ашыруу боюнча сот тутумунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу планында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жетекчилиги жана судьяларынын демилгеси менен насаатчылар институту кайра түзүлгөн. Ар бир аймакка бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьялары мезгил-мезгили менен жергиликтүү сотторго методикалык жана тажрыйбалык жардам көрсөтүү максатында барып турушат.

2008-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти К.С. Бакиевдин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын судьяларынын VI Курултайы болуп өтүп, анда курултайдын катышуучулары жүргүзүлүп жаткан сот органдарындагы реформасынын жыйынтыгын жана анын келечегин талкуулашты.

Ошондой эле курултайдын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы, республиканын баардык соттук корпусу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, өкмөттүн мүчөлөрү, борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышышты.

Мамлекет башчысы Бакиев Курманбек Салиевич өзүнүн сөзүндө өткөрүлүп жаткан иш чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле соттук реформаны улантууну, соттук өз алдынча башкаруу органдарын тезирээк түзүүнү, сот адилеттигинин жетиштүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатууну жергиликтүү соттордун судьяларынын жана аппарат кызматкерлеринин жоопкерчилигин жана алардын квалификациясын жогорулатууну, судьялардын кызматына талапкерлерди окутууну киргизүү, соттордун имаратынын, соттук процесстердин, судьялардын жана соттордун аппаратынын кызматкерлеринин   коопсуздугун коргоо, соттордун ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык камсыздоосун жакшыртууну, ошону менен бирге компьютерлештирүү жана соттордун ишин автоматташтырууну, соттук чечимдерге жарандардын жана кеӊири коомдун жетиштүүлүгү боюнча тийиштүү чараларды кабыл алууну белгиледи.

Сот тутумунун реформасынын мыйзам базасы жөнүндө маселе боюнча Президент судьялардын статусун, жарандардын сот арачылары катары сот адилеттигин ишке ашыруусуна катышуусун, Жогорку сот жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү мыйзамдарды жакшыртууну, ошондой эле сотко кайрылууда мамлекеттик алымдарды алуу тартибин жөнгө салуучу мыйзам долбоорлорунун пакети Жогорку Кеӊешке жиберилгендигин белгилеп кетти.

Президент өзүнүн сөзүнүн аягында соттук реформанын негизги учурун белгилеп: «институционалдык кайра түзүүлөрдүн баардыгы бир болуп, башкача айтканда, ченемдик-укуктук актылардын пакетин кабыл алуу, сот тутумун материалдык-техникалык, каржылык камсыздоосун чечүү, соттук өз алдынча башкаруу органдарын түзүү жана башка жаӊы ачылыштар судьяларга жарандардын болгон бийик ишеними боюнча маселени чече албайт, сот тутумун калыс жана жоопкерчиликтүү бийликке айландыруу боюнча биздин баардык аракетибиз текке кетиши мүмкүн. Эми ушуну болтурбоо үчүн эӊ башкысы – мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн бийик ишенимди судьялар сезиш керек. Эгерде укуктук аӊ сезим, укуктук маданият, судьялардын жүрүм- турум маданияты мурунку эле ордунда калса, анда сот реформасы өзүнүн максатына жетпейт. Өзүбүздүн аӊ-сезимибизди өзгөртүү менен гана азыркы абалды оӊдосок болот, демек судьялардын, соттук процесстин катышуучуларынын  жүрүм-турум маданиятын өзгөртүп, өзүн өзгөртүп, өзүнүн ишине этияттык менен, жоопкерчиликтүү мамилесине көмөктөшүшү керек. Ошондо гана биз сот реформасынын болгондугу жөнүндө, ар бир адам өзүнүн укугун коргой ала турган калыс, акыйкат сот жөнүндө айта алабыз», – деп белгиледи Президент.

Соттордун чыныгы  көз карандысыздуулугун камсыздоо жана сотторго ишенимди арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын судьяларынын VI Курултайы тарабынан коомду демократиялаштырууга, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого, укуктук үстөмдүккө, туруктуулукту жана укук тартибин бекемдөөгө багытталган өлкөбүздө жүрүп жаткан конституциялык реформалар жактырылды, ошондой эле курултай Кыргыз Республикасынын Президентинин баяндамасында белгиленген соттук тутумду реформалоо боюнча маселелерди колдоду, соттордун чыныгы көзкарандысыздыгын камсыздоо жана сотторго ишенимди арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Судьяларынын курултайынын жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешинин Регламенттери бекитилди, соттук өз алдынча башкаруу органынын курамы түзүлдү. Ошондой эле резолюция кабыл алынып, анын негизинде соттук коомдоштуктун жана тийиштүү мамлекеттин бийлик органдарынын аракети төмөнкүлөргө:

– сот бийлигинин аброюн жана барктуулугун жогорулатуу, судьялардын анык көзкарансыздыгын камсыздоо, принципиалдуулуктун, адилеттүүлүктүн жана ак ниеттүүлүктүн рухунда соттук кызматкерлер кадрларын тарбиялоого;

–  судьялардын кесиптик ишмердүүлүгүн жогорулатууну камсыздоо, кызматтык милдеттерин аткарууда ак ниетсиздик мамиле фактыларын жокко чыгарууга;

– жалпы элдин катмарына жеӊил жол менен квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн конституциялык жобону ишке ашырууну камсыздандыруу боюнча мыйзам актыларын кабыл алуу;

– ар бир өзөктөгү илимий жактан иштелип чыккан ченемдик жүктөмгө ылайык соттордун аппаратынын жана судьялардын штатын белгилөөгө; –

сотторду каржылоо зарылчылыгы жөнүндөгү Конституциялык жобону кыйшаюусуз сактоо, сот адилеттигин толук жана көз карандысыз иш жүзүнө ашыруу үчүн турак-жай менен камсыздандыруу, андан ары сотторду уюштуруу техникалык жабдуу менен бекемдеп, компьютерлештирүү, сот өндүрүшүнүн жана иш жүргүзүүнүн иштелишинин жүрүшүнө маалымат технологияларын киргизүүгө;

– сот адилеттигинин ачык жана маалымдуулук принциптерин ишке ашырууну камсыздоого;

– судьялардын коопсуздугун жана сотторду коргоону камсыздоого багытталышы керек экендиги белгиленди.

Курултайдын катышуучулары тарабынан соттук өз алдынча башкаруу органдарынын уюштуруусунун жана ишинин негизги принциптерин, Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусун, алардын көз карандысыздык кепилдигин, аларды шайлоо жана дайындоо тартибин, которуу (ротациялоо) жана бошотуу, жоопкерчилик, судьялардын ишин материалдык жана социалдык жагынан камсыздоо чараларын аныктаган  жакында кабыл алынган «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Сот департаментин жана Судьялардын окутуу борборун аткаруу бийлигинин курамынан чыгарып сот тутумуна берүү жөнүндөгү Жарлыгынын маанилүүлүгүн белгиледи, сот органдарынын каржылык жана материалдык көзкарандысыздыгы жана судьялардын, соттордун аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу маселелери чечилди.

Сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформанын чегинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемин жана Кыргыз Республикасынын судьяларынын VI Курултайында иштелип чыккан сунуштарды ишке ашыруу максатында 2009-жылдын 29-майында жарандардын сот адилеттигин ишке ашырууга катышуусунун жана сот арачыларынын ишмердүүлүгүн уюштуруусунун укуктук негизин аныктаган «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды.

Өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан реформанын негизинде, судьялардын статусу жогорку деӊгээлге чейин көтөрүлгөн, түпкүрүнөн өзгөртүүлөр болду, сот бийлик бутагынын көзкарандысыздыгын бекемдөөнү камсыздоочу ийгиликтерге жеттик, судьяларды кызматтык турак-жай менен камсыздоо маселелери, ошондой эле судьяларды жана сотторду каржылык, материалдык-техникалык, алардын маалыматтуулугун жана квалификациясынын деӊгээлиӊ жогорулатуу боюнча дагы маселелер чечилип жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана сот тутумунун 85 жылдык тарыхы мамлекет бийлигинин бул органы коом үчүн эӊ маанилүүлүгүн жана зарылдыгын көрсөттү. Мындан тышкары, тарых белгилегендей,  мамлекет органдары коомдун өнүгүшүнө карата, заманга жараша жооп бергендей болушу керек, анткени коом өзгөргөн сайын аларга жаӊы талаптарды кое баштайт. Демек, келечекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдына  коюла турган талаптарга Кыргыз Республиканын Жогорку Соту менен сот тутуму шайкеш келүү үчүн, үзгүлтүксүз өнүгүп турушу зарыл.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00