Тарыхы


Кыргызстанда Конституциялык көзөмөлдүн түзүлүү

жана өнүгүү тарыхы

Конституцияны коргоо боюнча механизмди түзүүдөгү биринчи кадам  кайра куруу жылдары,  СССР таркаганга  жана Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгонго чейин, жасалган.

1989-жылдын 23-сентябрындагы «Кыргыз ССРнин Конституциясынын (Негизги Мыйзамы) өзгөртүүлөрү жана толуктоолору жөнүндө» Кыргыз ССРнин Мыйзамына ылайык биринчи жолу конституциялык көзөмөлдүн органы – Кыргыз ССРинин Конституциялык көзөмөлдөө комитети түзүлгөн.

Комитетке   Кыргыз ССРинин Конституциясынын мыйзам долбоорлорунун, Жогорку Кеңештин актыларынын  ылайыктуулугу жөнүндө корутундуларды Кыргыз ССРинин Жогорку Советине сунуштаган, Министрлер Советинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Элдик депутаттардын жергиликтүү кеңешинин чечимдеринин, башка мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын актыларынын Кыргыз ССРинин Конституциясына жана мыйзамдарына  ылайыктуулугуна байкоо жүргүзүү жүктөлгөн. Комитет төрагадан, төраганын орун басарынан жана жети мүчөдөн турган, саясат жана укук тармагындагы адистерден 10 жылдык мөөнөткө Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан шайланган.

Кийинчерээк,  1990-жылдын 12-апрелиндеги «Кыргыз ССРинин Конституциясына (Негизги Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз ССРинин мыйзамы менен мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын актыларынын Кыргыз ССРинин Конституциясына ылайыктуулугу жөнүндө корутундуну алуу үчүн Комитетке кайрылуу укугуна ээ болгон субъекттердин тизмеги кеңейтилген. болчу. Мындан  тышкары, Комитет ага ылайык, милдеттүү түрдө өзүнүн корутундуларын берүүгө жана алардын аткарылышын талап кылууга тийиш болгон жол-жобо такталган. Бул өзгөртүүлөр 1990-жылдын 14-апрелиндеги Кыргыз ССРинин Конституциялык көзөмөл комитетинин негизги принциптерин, ыйгарым укуктарын жана ишинин тартибин аныктага. «Кыргыз ССРинин конституциялык көзөмөлү жөнүндө» атайын мыйзамдын негизин түзгөн.

Кыргыз ССРинин Конституциялык көзөмөл комитетинин компетенциясына Кыргыз ССРинин Конституциясына ылайыктуулугу жөнүндө төмөнкү маселелерди::

– Кыргыз ССРинин Жогорку Совети карап чыгууга тийиш болгон Кыргыз ССРинин мыйзамдарынын  жана башка актыларынын долбоорлорун;

– Кыргыз ССРинин Жогорку Совети  кабыл алган Кыргыз ССРинин мыйзамдыры жана башка актыларын кароо бекитилген. .

Мындан тышкары, Кыргыз ССРинин Конституциялык көзөмөл комитети Кыргыз ССРиинин Жогорку Совети тарабынан кабыл алынган Кыргыз ССРиинин Конституциясына жана Кыргыз ССРинин мыйзамдарына: – бул органдын карап чыгуусуна сунушталган Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин актыларынын, ошондой эле актылардын долбоорлорунун;

– Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтомдорунун жана текскемелеринин;

– Кыргыз ССРинин Эл депутаттарынын облустук, райондук, шаардык, шаардагы райондордун чечимдеринин;

– Кыргыз ССРинин эл аралык келишимдик жана башка милдеттемелеринин;

– Кыргыз ССРинин Конституциясына ылайык прокурордук көзөмөл жүргүзүлбөгөн башка мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын актыларынын  ылайыктуулугуна көзөмөл жүргүзгөн:

Ошону менен бирге, Кыргыз ССРинин Конституциялык көзөмөл комитетинин көзөмөлдөөчү функциялары соттордун өкүмдөрүнө жана  жарандык, кылмыш жана административдик иштер боюнча башка чечимдерине, тергөө органдарынын, прокуратуранын жана мамлекеттик арбитраждын чечимдерине таркаган эмес.

1990-жылдын 24-октябрындагы «Кыргыз ССРинин Президентинин кызматын түзүү жөнүндө жана Кыргыз ССРинин Конституциясына (Негизги Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз ССРинин Мыйзамы менен Кыргыз ССРинин Президентинин кызматы түзүлгөндөн тартып, жана Кыргыз ССРинин биринчи Президентин шайлоо менен мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын түзүмү  олуттуу түрдө өзгөрөт. 1990-жылдын 14-декабрындагы «Кыргыз ССРинде мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын системасын кайра түзүү жөнүндө жана Кыргыз ССРинин Конституциясына (Негизги Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз ССРинин Мыйзамына ылайык Конституциялык көзөмөл комитети жоюлган жана Кыргызстан, СССРдин курамына кирген республикалардын ичинен биринчилерден болуп, конституциялык көзөмөл боюнча жогорку сот органын – Кыргыз ССРинин Конституциялык сотун түзгөн.

Кыргызстандагы конституциялык сот адилеттигинин тарыхы дал ушул күндөн башталат.

Жогоруда аталган  мыйзамда Конституциялык сот Кыргыз ССРинин Президентинин сунуштоосу боюнча Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан укук тармагындагы адистерден  10 жылдык мөөнөткө төмөнкү курамда: төрага, төраганын эки орун басары жана соттун 6 мүчөсү шайланган. Конституциялык сотко шайланган адамдар ошол эле учурда Кыргыз ССРинин мамлекеттик бийлигинин жогорку жана жергиликтүү органдарынын курамына кире алган эмес.  Ошол эле күнү Конституциялык палатанын биринчи төрагасы жана анын орун басары шайланган.

1990-жылдын 14-декабрындагы «Кыргыз ССРинде мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын системасын кайра түзүү жөнүндө жана Кыргыз ССРинин Конституциясына (Негизги Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз ССРинин Мыйзамына ылайык Конституциялык соттун ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр киргизилген:

– Кыргыз ССРинин мыйзамдарынын, Кыргыз ССРинин Президентинин жарлыктарынын, Кыргыз ССРинин Министрлер кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин облустук, Фрунзе шаардык, райондук, шаардык, шаарлардагы райондук Эл депутаттарынын Советинин чечимдеринин Кыргыз ССРинин Конституциясына ылайыктуулугуна көзөмөл жүргүзүү;

– өзүнүн компетенциясынын чегинде облустук, Фрунзе шаардык, райондук, шаардык, шаарлардагы райондук Эл депутаттарынын советинин ортосундагы, ошондой эле Кыргыз ССРинин Мамлекеттик бийлик жана башкаруу кеңештеринин жана органдарынын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү;

– Кыргыз ССРинин Конституциясы жана Кыргыз ССРинин башка мыйзам чыгаруусу тарабынан анын компетенциясына киргизилген, Кыргыз ССРинин мамлекеттик бийлик жана башкаруу тармагындагы башка талаш-тартыштарды чечүү.

Конституциялык сот кабыл алган чечимдерди Кыргыз ССРинин бардык мамлекеттик бийлик жана мамлекеттик башкаруу органдары, кызмат адамдары аткарууга милдеттүү болгон.

Конституциялык соттун ишин уюштуруу, компетенциясы жана ишинин тартиби Конституция жана «Кыргыз ССРинин Конституциялык соту жөнүндө» мыйзам менен аныкталган.

Конституциялык көзөмөл функциясына ээ болгон, Конституциялык соттун  өзгөчө сот органы катары түзүлгөнү мамлекеттүүлүктүн негиздерин бекитүүгө жана демократиялык укуктук мамлекетти түзүүгө Кыргыз Республикасынын умтулуусун шексиз далилдеп турган.

Ошону  менен бирге, тарых көрсөтүп тургандай, эффективдүү конституциялык көзөмөлдү орнотуунун бардык аракеттери курулай болгон.  Түзүлгөн мамлекеттик органдар натыйжасы төмөн же такыр эле аракетсиз абалда кала берген.

Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон  жана 1993-жылдын 5-майында көз карандысыз Кыргызстандын биринчи Конституциясын кабыл алгандан тартып маанилүү өзгөрүүлөр боло баштады.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жалпысынан сот системасынын жана тактап айтканда Конституциялык соттун ордун жана ролун жаңыча аныктады, ошондой эле өлкөдөгү сот-укуктук реформанын негиздерин түптөдү.

1993-жылдагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун карамагында  төмөнкү иштер болгон:

– мыйзамдардын жана башка ченемдик-укуктук актылардын Конституцияга туура келбеген учурларда конституциялуу эмес деп кабыл алуу жөнүндө;

– Конституциянын иш-аракети, колдонулушу жана талкуулоосу менен байланышкан талаш-тартыштарды чечүү жөнүндө;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосунун укуктуулугу тууралуу корутунду берүү жөнүндө;

– Кыргыз Республикасынын Президентин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку сотунун, Жогорку Арбитраждык сотунун судьяларын кызматтан бошотуу тууралуу маселе боюнча корутунду берүү жөнүндө;

– жергиликтүү соттордун судьяларын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук  берүү жөнүндө;

– Кыргыз Республикасынын Конституциясына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маселелер боюнча корутунду берүү жөнүндө:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы болгон жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө;

– жарандардын конституциялык укуктарына зыян келтирген укук колдонуучулук практиканын конституциялуулугу тууралуу чечимди кабыл алуу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту, кандидатураларын Кыргыз Республикасынын Президенти сунуштаган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 15 жылга шайланган, тогуз судьядан турган.

«Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана «Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшүн жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 1993-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштоосу боюнча киргизилген «Кыргыз Республикасынын Конституциясына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын долбооруна оң корутунду берип, 1995-жылдын 9-ноябрында гана өзүнүн биринчи чечимин кабыл алды.

Кийин, он беш жылдын ичинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясына референдумдар аркылуу төрт жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. 2003-жылдын 2-февралында өткөрүлгөн кезектеги референдум Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун конституциялык ыйгарым укуктарынан, жарандардын конституциялык укуктарына зыян келтирген, укук колдонуучулук практиканын конституциялуулугу жөнүндө чечимдерди кабыл алууну жокко чыгарып, анын ордуна саясый партиялардын, коомдук уюмдардын жана диний уюмдардын ишинин конституциялуулугу жөнүндө маселени чечүүнү киргизген.

2005-жылдын 24-мартындагы оппозициялык күчтөрдүн чыгуусу жалпы элдик баш ийбестикке айланган жана 2005-жылдын 21-мартында Кыргыз Республикасынын биринчи Президентин кулатууга алып келген. Акаев Аскар жана анын тегереги өлкөдөн кеткен. Конституциялык реформа процесси башталды.

Жогорку Кеңеш, Регламенттин маанилүү жаңыланышынын негизинде, 2006-жылдын 8-ноябрында, андан кийин 30-декабрында «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө» Мыйзамдарды кабыл алды. Бирок Конституциялык сот 2007-жылдын 14-сентябрындагы Чечими менен «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-1 бөлүмүн конституциялуу эмес деп тапкан жана жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын иш-аракетин жокко чыгарган. Бул окуялар Жогорку Кеңеш менен Конституциялык соттун ортосундагы көп убакытка созулган карама-каршылыкка алып келген.

Ошол учурда, 2006-жылдын 19-сентябрындагы Президенттин Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө» мыйзамды кабыл алуу маселеси боюнча референдум дайындалган. 2007-жылдын 21-октябрында ушул референдумдун жайынтыгы боюнча Президент сунуштаган Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору кабыл алынган, анда ал чексиз бийликти өзүнө ыйгарган.

Кийинки күнү, б.а. 2007-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Жогорку Кеңеш таркатылган.

Мындай саясый акттын формалдуу негизи болуп Жогорку Кеңеш менен ошол убакытта Президенттин колунда бийлик үчүн аспап катары колдонулуп калган Конституциялык соттун ортосундагы көптөн бери созулуп келе жаткан чыр-чатак болду.

2007-жылдын 21-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту төмөнкү конституциялык ыйгарым укуктарга ээ болгон:

– мыйзамдардын жана башка ченемдик-укуктук актылардын Конституцияга каршы келген учурда аларды конституциялуу эмес деп таануу;

–  Конституциянын иш-аракети жана аны колдонуу менен байланышкан талаш-тартыштарды чечүү;

– Президенттин шайлоосунун конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү;

– Конституциянын долбооруна, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга, Конституциянын жаңы редакциясына корутунду берүү;

– саясый партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишинин конституциялуулугу жөнүндө маселелерди чечүү.

Андан кийин,  чексиз президенттик бийлик айрым бир жактардын өзүнчө бир тобунун жалпы коомдун үстүнөн   артыкчылык абалына  ээ болуусуна жана, натыйжада – мамлекеттик бийликке жарандык коомдун нааразычылыгынын өсүшүнө алып келди.

2010-жылдын 7-апрелинде жанган элдик толкундоолор укук коргоо  күчтөрү менен кагылышууга өсүп жетип, ал кармаш көптөгөн адамдардын курман болушуна алып келген. Президент Бакиев К.С. жана анын тегереги өлкөдөн чыгып кетишти, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы мамлекеттик бийлик толугу менен күчүн жоготкон.

Өлкөдөгү оор абалды эске алып, оппозициялык күчтөр Убактылуу Өкмөт түздү жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декрети менен аны мамлекеттик бийликтин жогорку мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу органдын иш-милдеттерин берди.

Убактылуу Өкмөттүн Экинчи Декрети Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун түзүлгөн учурунан тартып тарыхый жана саясый ишине баа берилишине арналган.


«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун
түзүмүн таратуу жөнүндө

2010-жылдын 12-апрели                                                                                                             Бишкек шаары

1993-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясын коргоо үчүн түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өзүнүн ишмердигинин жүрүшүндө ага жүктөлгөн үмүттү  актаган жок жана Акаев А.А.нын да, Бакиев К.С.тин да учурунда бийликтин бир колдо топтолуусуна көмөктөшкөн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына 1996, 1998, 2003-жылдары референдум аркылуу киргизилген жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө багытталган өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго оң корутунду берилген. Конституциялык сот өзүнүн иш-аракеттери менен 1993-жылдын Конституциясында бар болгон токтотуп туруу жана каршы салмактуулук  механизмдеринин талкаланышына көмөктөшкөн.

Конституциянын ченемдерин одоно бузуу менен колдонуп,  Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 1998-жылы Президент Акаев А.А.га үчүнчү мөөнөткө шайланууга мүмкүнчүлүк берди.

2005-жылдагы революциядан кийин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна чоң үмүт жүктөлгөн. Бирок аз убакыттын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2007-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбооруна оң корутунду берип,  өзүнүн көз карандылыгын көрсөттү. Бул өзгөртүүлөр мындайча атаганда «референдумда» кабыл алынып,  анда Кыргыз Республикасынын Президенти Бакиев К.С. бийликти күч колдонуп тартып алгандыгын мыйзамдаштырган.

2009-жылдын декабрында Бакиев К.С. тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Президенттин ыйгарым укуктарын Президенттик кеңешме аркылуу берүү механизми каралган мыйзам долбоору киргизилип, анда кеңешменин курамын өзгөртүү  көрсөтүлгөн эмес. Президенттин бийлигин убактылуу өткөрүп берүүнүн мындай механизми иш жүзүндө Бакиев К.С.тин жакын туугандарына бийликти келечекте юридикалык бекитүү  менен өткөрүп берүү дегенди түшүндүргөн. Конституциялык сот бул учурда да, Президенттик кеңешмени Мамлекеттик кеңешке которууну «өтүнүп»,   оң корутунду берди.

Ошентип, Конституциялык сот иш жүзүндө Конституцияны коргоо боюнча ага жүктөлгөн иш-милдеттерди  аткара алган жок жана бир адамдын бийлигин бекитүүгө көмөктөшкөн органга айланды.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бир адамдын бийлигин бекитүү боюнча иш-аракети 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларга жана Бакиев К.С.тин элге каршы режиминин кулашына алып келди.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотун абалды туруксуздаштыруу үчүн колдонуу аракетин жокко чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретине ылайык бул Декретти кабыл алат:

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өзгөчө чечимине чейин таркатылсын.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу ӨкмөтүнүнТөрагасы                                                                                                          Р.Отунбаева»

Ошентип, Конституциялык сот Конституцияны коргоо боюнча жогорку сот орган катары өзүнүн ишин токтоткон.
2010-жылдын 27-июнунда референдум (жалпы элдик добуш берүү) өтүп, Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынган, ага ылайык мындан ары конституциялык көзөмөл жаңы органга – институционалдык жана уюштуруучулук жактан өз алдынча жогорку сот органы болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына жүктөлгөн.

 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00