warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Айткулов А.И. алдамчылык үчүн 2 жылга эркиндигинен ажыратылды

29.01.2016.

Айткулов Азамат Икрамидинович  жабырлануучулардын ишенимине кирип, 2014-жылдын 25-сентябрында Т.Н. аттуу жаранга «БМВ­ Х5» үлгүсүндөгү авто унаага документалдуу түрдө ээлик кылбай туруп саткан. Сатылган унаа үчүн 10 000 (он миң) АКШ долларын алып, бирок, унаанын документ аркылуу тастыктаган ээси убактылуу жок болуп жатат деп, аны сатып алган адамга каттоону создуктуруп келген.

Толугураак

Жабырлануучуга чыныгы максатын жашырып, аны 2014-жылдын 16-октябрында башкы келишим жазып берем деп, унааны Т.Н.дан алып, ага айтпастан ушул эле унааны Р.А.И. аттуу жаранга күрөөгө коюп, андан 5 000 (беш миң) АКШ долларын үстөк пайызы менен алган. Соттолуучу жабырлануучу Т.Н.ге  550 000 (беш жүз элүү миң) сом зыян келтирген.  Мындан тышкары Айткулов А. 2014-жылдын ноябрь айынын аягында алдоо жана ишеничке кирүү жолу менен  А. М. аттуу жарандан  2014-жылдын 10-декабрына чейин «Лексус­  GX­470» үлгүсүндөгү автомашинаны сатам деп, жабырлануучунун 10 000 (он миң) АКШ долларын алып, качып, жашырынып жүргөн.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2015-жылдын 8-сентябрындагы өкүмүнө ылайык, 1987-жылы 26-июнда Ош шаарында туулган Кыргыз Республикасынын жараны, жогорку билимдүү, никелүү, бир баланын атасы, убактылуу эч жерде иштебеген, Бишкек шаарынын тургуну Айткулов Азамат Икрамидинович, КР КЖКнын 166-беренесинин 3-п. 2-б. (Алдамчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 (эки) жылга эркиндигинен ажыратылган. Өкүм чыкканга чейин анын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, ал 2013-жылдын 9 августунан бери камакка алынган.

Соттолуучу Айткуловдон жабырлануучуларга: Т.Н.ге 550 000 (беш жүз элүү миң) сом, А. Н.ге 600 000 (алты жүз миң) сом өндүрүлгөн. «Хонда ­Элюзион» авто унаасына коюлган арест алынып,  А.А.И.ге таандык деген тастыктоо алынып салынган.  

2015-жылдын 8-декабрында Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы 2015-жылдын 8-сентябрындагы Биринчи май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00