warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Сот департаментинин борбордук аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматкерлери ант беришти

28.06.2016.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин имаратында Сот департаментинин борбордук аппаратынын жаңы дайындалган мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин ант берүү салтанаты болуп өттү. Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов, статс-катчысы  Сталбек  Калмаков жана департаменттин жамааты катышты.

 

Толугураак

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин жетекчилиги иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, мамлекеттик жарандык кызматкерлер ант берүү менен  бирге Мекен алдындагы кесиптик милдеттерин ак ниет, так аткарышарына ишеним көрсөтүштү.

Өз кезегинде мамлекеттик жарандык кызматкерлер өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, Кыргызстандын элинин алдында өз милдеттерин ак ниет жана берилгендик менен аткарууга,  мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин жолдоого ант беришти. 

Эскерте кетсек, жакында эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинде административдик мамлекеттик бош кызмат орундарына ачык жана ички сынак өтүп, анын  жыйынтыгы менен аталган мамлекеттик орган 11 жаңы кызматкер менен толукталган.

КР Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00