warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Аткезчилик менен алектенүү максатында башка өлкөгө туннел казган деген жагдайда бөгөт коюу чарасы каралды

28.06.2016.

1990-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган, бойдок, эч жерде иштебейт, мурда сот жообуна тартылган эмес М.З. аттуу жарандын үйүнөн кошуна Өзбек республикасынын аймагына жашыруун түрдө жер астынан жол казган деген жагдайда айыпталган материал боюнча Баткен райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы катары камакка алынган.

Толугураак

Баткен облустук сотунун соттук коллегиясы 2016-жылдын 20-июнунда  КРнын КЖКнин 28 (Кылмыш далалаты)-104 (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү)-ст. 3-б. 3-п. 4-п. жана 28-204-1(Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу)-ст. 2-б. көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоодо, кылмыш жасоого түздөн-түз багытталган алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан контрабанда, башкача айтканда бажы төлөмдөрүнөн качуу менен мыйзамсыз түрдө жүк өткөрүү ошондой эле КРнын аймагында орун которуп жүрүү менен мыйзамсыз миграцияны алдын ала көмүскө бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан уюштургандыгы боюнча айыбы угузулуп, Баткен райондук сотунун токтому өзгөртүүсүз бөгөт коюу чарасы 1 айга камакка киргизилди.

                                                                                Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00