warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Кылычбек Арпачиевге карата Биринчи май райондук сотунун чыгарган өкүмү

28.06.2016.

Бүгүн, 2016-жылдын 28-июнунда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ачык соттук отурумунда Кылычбек Арпачиевге карата жазык ишин карады.

 

 

Толугураак

Соттун өкүмү менен Арпачиев Кылычбек Илиязович Кыргыз Республикасынын КЖКнин 313-(Опузалап пара талап кылуу) беренесинин 2-б. 1-п. менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен он төрт жылга эркиндигинен ажыратылып, үч жылга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратура системасында иш жүргүзүү укугунан ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн шарттамдагы түзөтүү абагында өтөөсү белгиленди.

К.И. Арпачиевге жазаны өтөө мөөнөтү 2015-жылдын 24-мартынан тартып эсептелинди.

К. Арпачиевдин бөгөт коюу чарасы өзгөртүлбөстөн, камакта бойдон калтырылды.

К.  Арпачиевдин иш бөлмөсүндөгү тинтүү учурунда табылган 30 000 АКШ доллары мамлекеттин эсебине конфискацияланды.

Өкүмгө нааразы тарап он күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна даттанууга укуктуу.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00