warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Жогорку соттун судьяларынын бош кызмат орундарына өтүүчү конкурсттук тандоого 35 талапкер катышат

27.10.2016.

Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына документтерин тапшырган 35 талапкер конкурсттук тандоого катышат.

 

Толугураак

Жалпысынан 36 талапкер Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоого катышууга документтерин тапшырышкан. Алардын ичинен 1 талапкер конкурстук тандоого катышуудан арыз жазуу менен өз талапкерлигин алып салган. Жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши Жогорку соттун судьяларынын бош кызмат орундарына өтүүчү конкурстук тандоонун графигин бекитет жана ал Кеңештин расмий сайтына жарыяланат.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын 5 бош кызмат орундарына сынактык тандоого арыздарды жана документтерди кабыл алууну аяктаган.

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Жогорку соттун 5 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялаган. Сынактык тандоого арыздар жана документтер 2016-жылдын 21-июнунан 1-июлуна чейин кабыл алынган.

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
e-mail - vskr@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00