warning: call_user_func_array() expects parameter 1 to be a valid callback, function 'theme_filter_tips_more_info' not found or invalid function name in /var/www/jogorku/includes/theme.inc on line 669.

Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы: «Биринчи жолу Жогорку Соттун тарыхында ар бир судьянын ишинин эффективдүүлүгүнө баалоо жүргүзүлдү»

28.07.2017

Жалпыга маалым болгондой, Жогорку Сот тарыхтын жана архитектуранын эстелиги болгон борборубуздун так ортосундагы жаңыланган имаратка көчүрүлүп, өзүнүн татыктуу ордун тапты. Бул өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин сот реформасына олуттуу көңүл бургандыгынын аркасында жүргөндүгүн Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева билдирди. Бүгүнкү күндөгү сот системасындагы абал аткарылган иштер жана жүргүзүлүп жаткан жаңычылдыктар багытында КРнын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Абдымановна менен маектештик.

Толугураак

 

— Сот системасында реформа жүргүзүүдө көп кадамдар жасалды деп айтылып келет. Көз карандысыз, күчтүү жана адилет болуу максатындагы жагдайларга токтолсоңуз?

— Мен негизи бул системада жаңы адам эмесмин. Жыйырма жылга чукул эмгектенип ар бир тепкичин басып өттүм. Ошондуктан адилеттүү, мыйзамдын чегинде таза иштөөнү максат кылам. Жеке менин көз карашымда бул системада мыйзамдар так даана жазылса адилеттүүлүк өзүнөн өзү жарала берет. Эгерде бир жеринен калпыстык болуп калса бүтүндөй бир адамдын тагдыры талкаланат. Жогоруда, Сиз белгилеген максаттарды биз негизги өзөк катары алып ошонун үстүнөн иш алып бара жатабыз. Айта кетсем, биринчи жолу Жогорку Соттун тарыхында ар бир судьянын ишинин эффективдүүлүгүн баалоо жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында айрым кесиптештерибиздин квалификациясынын деңгээли жетишээрлик эместиги аныкталды. Ошондуктан мындай баалоону системалык түрдө өткөрүп ишин жакшы алып бара албагандарга катуу чараларды көрөбүз деген чечимге келдик. Бул болсо сот адилеттүүлүгүн орнотууга өбөлгө болуп элдин ишенимин арттырат. Анткени канчалык талап күчтүү болсо ошончолук жыйынтык болот эмеспи? Кошумчалай кетсек, биз сотторду сындап эле эмес аларды окутуп сабаттуулугун арттырууга көмөктөшүбүз да зарыл.

— Бизге жеткен маалыматтар боюнча устат шакирт деген жакшы бир саамалыктар киргизилип жатыптыр. Мунун максаты туурасында азыноолак айта кетсеңиз?

— Устат деп аты айтып тургандай эле, мааниси абдан терең. Дал ушул институт күн өткөн сайын жоголуп баратканын байкачубуз. Ошондуктан сот системасына кайтарууну туура көрдүк. Бизде көп жылдар бою сот системасында иштеген сыйлуу аксакалдарыбыз бар. Мына ошолор жаңыдан келген сотторго иш практикасындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп акыл-насаатын айтып кеңеш берип турушат. Бул максатыбызды донорлор да колдоп бирге ишке ашырып жатабыз. Анткени ушул долбоор соттордун ишмердүүлүгүнүн сапатына жакшы өбөлгө болчу дагы бир фактор.

— Сиз Жогорку Соттун төрайымы болуп келериңиз менен республиканы түрө кыдырып соттордун иштери менен жеринен таанышып келген экенсиз. Жыйынтык кандай болду?

— Чындыгында аймактарда абал өтө оор экендигин көрдүм. Биз Кыргызстан боюнча 71 сот имаратында болуп, ар бир сот менен жекеме-жеке сүйлөштүк. Эч бир шарты жок, жайкысын ысык, кышкысын суук, полдору тешилип отуз үч жеринен жамалган бөлмөлөрдү көрдүм. Айрым соттордун иш бөлмөлөрү деле жок экен. Күнүнө сегиз саат жумуш убактысы болсо ар кайсы жерде отурганы кейиштүү. Ал эле эмес айрым соттордун имараттарынын жан жакалары сатылып кеткенин угуп төбө чачыбыз тик турду. Ошонун баарын көрүп келген соң бир чечимге келип иш башталды. Башкы максат, оңдоп-түзөө десе эле актап сырдоо эмес, сот имараттарын иш алып барууга ыңгайлаштырып эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү экенине токтолдук. Ошентип кыска убакытта бир райондо жаңы имарат курулду, айрымдары башка жакка көчүрүлдү. Зарыл болгон техника менен жабдылды. Ал эми өлкө башчысынын сот реформасына олуттуу көңүл буруусунун аркасында Жогорку Сот борбордук аянттагы тарыхый мааниси бар имаратка көчүрүлүп макамына ылайык татыктуу жайдан орун алды.

— Эл аралык байланыштарды бекемдөө багытында да белдүү иштер жасалып жатканынан кабарыбыз бар. Франция мамлекетине болгон иш сапар кандай өттү?

— Тажрыйба алмашып башка өлкөлөрдүн иш алып баруусу менен жакындан таанышуу абдан жакшы практика. Азыр Жогорку Сотто бардык даражадагы кызматкерлер, судьялар кезек кезеги менен чет өлкөлөрдө болушуп билимин, тажрыйбасын өркүндөтүп келип жатат. Биз болсо, ушул айдын башында Францияда болуп келдик. Албетте, бул өлкө тарыхка, архитектурага өзгөчө көңүл бурат. Сот залдары өтө көзгө көрүнүктүү. Ал жакта бир күндө бир учурда 80 соттук отурум жүрө берет экен. Мына ушуну жетишкендик деп айтсак болот. Биздин делегацияны Франциянын Улуттук магистратура мектебинин директору Оливье Льоран мырза тосуп алып, Улуттук магистратура мектебинин ишмердиги тууралуу айтып берди. Директордун орун басары Шамуар Бенуа, магистраттарды даярдоо боюнча окуу бөлүмүнүн жетекчиси Мартинвиль Эрик, Бордо шаарындагы Улуттук магистратура мектебинин директорунун орун басары Эммануэль Пьере да өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Айтор өнүккөн өлкөлөрдүн иш ыкмалары менен жеринде таанышуу майнаптуу болчудай.

Каныкей Оңолбекова

«Ачык сөз»  №16 (083)  27-июль, 2017-жыл

Азырынча комментарийлер жок

Комментарий жазуу

  • Web page addresses and e-mail addresses turn into links automatically.
  • Lines and paragraphs break automatically.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
Документациялык камсыздоо, каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү
(+996 312) 66-10-89
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00