Судьялардын чогулушу

 

 

 Жогорку соттогу, Жогорку соттун Конституциялык палатасындагы жана жергиликтүү соттогу судьялардын чогулушу соттук өзалдынча башкаруунун баштапкы органы болуп эсептелет.

 Судьялардын чогулушу жылына бир жолудан кем эмес чакырылат.

 Судьялардын чогулушу:

- судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылууга, соттордун ишин уюштурууну өркүндөтүүгө жана судьялардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирүүгө байланышкан маселелерди талкуулайт;

- тиешелүү курамдан Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасын, төраганын орун басарын жана жергиликтүү соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлайт;

- өз каалоосу боюнча, ошондой эле судьялардын ыйгарым укуктары токтогон же судьялар кызматынан бошогон учурларда Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттун төрагасын, төраганын орун басарын ээлеген кызматынан бошотот;

- соттун бюджетин түзүүдө жана аткарууда Судьялар кеңешине сунуш киргизет;

- судьяларды жана соттордун аппаратынын кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу боюнча сунуш киргизет.

 Соттордун чогулушу ага соттордун судьяларынын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда укуктуу деп эсептелет.

Судьялардын чогулушунун чечими соттун судьяларынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00