Пайдалуу адабият

«Сот актыларынын үлгүлөрү. I бөлүк: Жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча биринчи инстанциядагы сот актылары­нын үлгүлөрү» деп аталган бул практикалык колдонмо судьяларга, адвокаттарга, прокурорлорго, жекече иштеген жана корпоративдик юристтерге, ошондой эле студенттерге, аспиранттарга жана жогорку окуу жайлардын окутуучуларына арналат. Бул колдонмо сот практикасындагы бирдейликке жетишүү, жарандык, экономикалык жана административдик иштерди биринчи инстанцияда кароо учурунда келип чыгуучу маселелерди чечүүгө көмөктөшүү үчүн иштелген.

 

Жалпы редакция:

Юридика илимдеринин доктору, USAID жана ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө боюнча Программасынын улук кеӊешчиси А. А. Давлетов;

USAID жана ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө боюнча Программасынын кеӊешчиси Н. С. Алымбаев.

 

Авторлор жамааты:

Максимбекова Д. И. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (жетекчи);

Давлетбаева М. А. -  Бишкек шаардык сотунун төрага орун басары (орус ти­линде);

Бекбоева Д. М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (кыр­гыз тилинде);

Байтикова Э. Т. -  отставкадагы судья (орус тилинде);

Курбанова Ч. Ж. - отставкадагы судья (кыргыз тилинде).

 

 

Сот актыларынын жыйнагынын үлгүлөрү.  I бөлүк

«Сот актыларынын үлгүлөрү. II бөлүк: Жазык иштери жана административдик укук бузуу жөнүндө иштер боюнча сот актыларынын үлгүлөрү» деп аталган бул практикалык колдонмо судьяларга, адвокаттарга, прокурорлорго, жекече иштеген жана корпоративдик юристтерге, ошондой эле студенттерге, аспиранттарга жана жогорку окуу жайлардын окутуучуларына арналат. Ал сот практикасындагы бирдейликке жетишүү, жазык иштерин жана административдик укук бузуу жөнүндө иштерди биринчи инстанцияда кароо учурунда келип чыгуучу маселелерди чечүүгө көмөктөшүү үчүн иштелген.

 

Жалпы редакция:

Юридика илимдеринин доктору, USAID жана ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө боюнча Программасынын улук кеӊешчиси А. А. Давлетов;

USAID жана ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө боюнча Программасынын кеӊешчиси Н. С. Алымбаев.

 

Авторлор жамааты:

Максимбекова Д. И. - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (жетекчи);

Воронцова И. Н. - Бишкек шаардык сотунун судьясы (4-бап, орус тилинде);

Молдобаев А.Т. - Биринчи май райондук сотунун судьясы, юридика илимде­ринин кандидаты (1,2,3,5-баптар - орус жана кыргыз тилдеринде);

Кудаяров Ж.У. -  Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директир орун басары (4-бап, кыргыз тилинде);

Абылкасымов Э. А. -  отставкадагы судья (4-бап, кыргыз тилинде).

 

 

Сот актыларынын жыйнагынын үлгүлөрү.  II бөлүк

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
 
Жогорку Соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00