Пленум

Жогорку Соттун Пленумунун катчысы, Жогорку Соттун судьясы Камиль Осмоналиев

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынан, анын орун басарларынан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынан турат.

 Пленумдун укугу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү» Мыйзамынын беренеси аркылуу тартипке келтирилген, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму:

 – Сот практикасын жайылтуу жана материалдарды өздөштүрүү жана төмөнкү баскычта турган сотторго сот тажрыйбасын бөлүшүү жана көрсөтмөлөрдү берүү;

 – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды колдонуу материалдарын карайт;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын орун басарларынын ичинен сот коллегиясынын Төрагасын жана сот коллегиясынын өздүк курамын жашыруун добуш менен шайлайт;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун Төрагасынын көрсөтмөсү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультативдик советтин тутумун жашыруун добуш менен тандайт;

 – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун катчысын жашыруун добуш менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын ичинен шайлайт;

 – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ички иш-аракети боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Регламентин кабыл алат;

 – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялар коллегиясынын Төрагасынын сот коллегиясынын иши жөнүндөгү отчетун угат;

 – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишмердүүлүгү жөнүндөгү билдирүүсүн угат;

– уюштуруучулук жана башка иш-аракеттер тууралуу маселелерди карайт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасын чакыруусу менен зарылдыгына жараша жылына экиден кем эмес чакырылат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун кеӊешмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялар курамынын экиден үч бөлүгүнөн кем эмеси катышканда юридикалык укукка ээ болот.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму өзүнүн кеӊешмелеринде катышуучулардын көпчүлүк добушу менен токтомдору ачык добуш берүү менен, ал эми мыйзамда каралгандарды жашыруун добушу менен кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомуна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы (же жетекчилик кылуучу) менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун катчысы кол коёт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун кеӊешмесине Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын юстиция министри, жергиликтүү соттордун судьялары ж.б. өкүлдөр чакырылышы мүмкүн.

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
 
Жогорку Соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00