Жогорку Соттун төрагалары

 

1896-жылдын июль айында Гельсингборг шаарында туулган, улуту орус. 1923-жылы Ташкентдеги Орто-Азиялык  мамлекеттик университеттин укук таануу факультетин бүтүргөн.

 

1918-1924-жылдары Туркестанда жер ээлөөчү помещиктерди жоюу боюнча инструктор-контролер, Ташкент шаарында саясий агартуу кызматкери болуп иштеп, элге билим берүү тармагында кызмат өтөгөн.

 

1924-1925-жылдары Кыргыз облустук сотунун  биринчи  төрагасы болуп иштеген. Андан кийин  Орто-Азиялык мамлекеттик пландоо мекемесине граждандык советтик курулуш жана акча каражаты боюнча жетекчи, мамлекеттик пландоонун төрагасы болгон.

 

 

1886-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Дөн-Талаа айылында туулган. 1916-жылы Каракол шаарында 4 класстык окуу жайын, жогорку башталыш окуу жайын  бүткөн. Анан  Фергана шаарында солдаттар жана дыйкандар депутаттарынын кеңешинде котормочу, Жети-Сууда Чукул түзүлгөн облустук комиссиянын уполномочен, Нарын саясий бюросунда уполномочен болгон. 1925-1927-жылдары Каракол уездинин прокурорунун жардамчысы, Ош облусу жана Жалал-Абат округу боюнча прокурордун, Фрунзе кантону боюнча облустук  прокурордун жардамчысы болуп иштеп келип, 1927-жылы ага Кыргыз Автономиялуу ССРнын  башкы  сотунун төрагалык кызматы жүктөлгөн.

 

Андан кийин И. Текеев партиялык, советтик кызматтарда иштеген, Мургаб райондук партиялык комитетинин катчысы болгон. 1938-жылы жалган жалаа менен соттолуп, атууга кеткен. 1956-жылы акталган.

 

1898-жылы Каракол уездинин Балыкчы районунда дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Башталгыч айылдык мектепти бүткөн.

 

К. Кулумбаев 1920-жылдан тартып партиялык, советтик органдарында иштеген. 1920–1921-жылдары Нарын угоркомунда, 1924–1925-жылдары – Алма-Ата жана Пишпек  шаарындарда  округдук РКПнын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1926–1927-жылдары – областтык партиялык комитеттерде уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башчысы болуп иштеген.

 

1927-жылдын 5-майында Кыргыз Автономиялуу Республикасынын Башкы сотунун Төрагасы болуп дайындалган.

 

 

1884-жылы Пишпек уездиндеги Аларча айылында  туулган. Пишпектеги айыл-чарба мектебин  жана Ташкентдеги суу-чарба мектебин бүтүрүп, Ак-Суу (1918-ж.) жана Нарындагы  (1928-ж.)  козголондорду басууга  катышкан. Чукул түзүлгөн комиссиянын Пишпек уезддик аткаруу комитетинин мүчөсү болгон.

 

1920–1925-жылдары  Каракол уезддик революциялык комитетинин  мүчөсү, Бишкек уезддик шаардык аткаруу комитетинин төрагасы, Жети-Суу облустук жер боюнча бөлүмдүн  башчысы,  Жети-Суу облустук аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргыз облустук  революциялык  комитетинин төрагасы болгон. 1927-жылдан 1929-жылга  чейин  Кыргыз АССРинин Юстиция эл  комиссариатынын Башкы сотунун Төрагасы болуп иштеген. 1937-жылы репрессия туш болуп, 1958-жылы акталган.

 

 

1894-жылы 26-апрелде Латвиянын Балк уездинде туулган.

 

1916-1918-жылдарда Латыш аткычтар полкунда катардагы жоокер болгон. Ал эми 1918-1929-жылдары Оппендик жумушчулар-дыйкандар жана солдаттар кеңешинин төрагасынын орун басары, Батыш фронтто каттоочу, согуш трибуналынын коллегиясынын мүчөсү, Жети-Суу облустук сотунун мүчөсү, Бишкек уездик прокуратурасында прокурор болгон.

 

1929-1931-жылдары Кыргыз АССРинин Башкы сотунун Төрагасы болуп иштеген. Андан кийин Кыргыз АССРинин эл комиссарлар кеңешинин алдында Башкы арбитр, Ат-Башы  райондук  партиялык  комитеттин экинчи секретарь кызматтарын өтөгөн.

 

 

1905-жылы  Жалал-Абат облусунун Таштак айылында туулган. 1920–1922-жылдары  балдар  үйүндө тарбияланган. Андан Түркестан АССРинин Ички иштер элдик комиссариатынын  алдындагы  катчы  кызматкерлерин даярдоочу сегиз айлык окууга жиберилген. Окууну бүткөндөн кийин Анжиян округунун Хан-Абад, облустук  аткаруу комитетинин Базар-Коргон райондук комсомолунун катчысы болуп иштеген.

 

1930-жылы Тверь губерниялык советтик партиялык окууну аяктагандан кийин партиялык кызматтарда иштеп, 1931-жылы Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагасы болгон.

 

1938-жылы репрессияга туш болгонго чейин Чуй, Кетмен-Тебе райондук комитеттеринин катчысы, Кыргыз Республикасынын Борбордук комитетинин партиялык-уюштуруу  өлүмүнүн  башчысы болуп иштеген. 1957-жылдын 16-октябрында өлгөндөн кийин акталган.

 

 

1901-жылы Ысык-Көл облустундагы Жети-Өгүз районунун Шалба айылында туулган.

 

1909-1912-жылдары  мусулман  мектебинде окуп, Ташкентдеги советтик партиялык мектептин алты айлык окуусун бүткөн.1925-1937-жылдары Фрунзе шаарындагы бир жылдык милиция  мектебин бүтүп, Ташкентдеги юридикалык, Москвадагы советтик курулуш окуу жайларында билимин өркүндөткөн.

Ата-энесинен эрте ажырап, 1912–1920-жылдары бай-манаптардын кол алдында малай болуп жан баккан.

 

1922–1924-жылдары  Сталинграддагы (Царицынде) атчандар Кызыл Армиясында болгон. 1924-1925-жылдары  Каракол  шаарында милиционердик кызмат өтөйт. Андан сон округдук  кылмыш  издөө  боюнча  бөлүмдүн  начальнигинин орун  басары, Каракол райондук аткаруу комитетинин администрациялык бөлүмүнүн начальниги, Талас районунун прокурору болгон.

 

1922-жылы  Кыргыз  АССРинин  Башкы  сотунун төрагасы болуп дайындалган.

 

 

1906-жылы Казакстанда кедей-дыйкандын үй бүлөсүндө туулган.

 

Бир жыл мектепте окуп, анан 1924-жылы Оренбург шаарында иш өндүрүшүндө  казак тилин колдонуу жана киргизүү боюнча кыска мөөнөттөгү окуу жайын бүтүргөн. 1926-жылы Кызыл-Ордо  шаарында 8-айлык юридикалык окууну аяктаган. 1921–1924-жылдары  жергиликтүү  кеңеш органдарында иштеп, катчы, айылдык жана волосттук  кеңештерде  төрагалык  кызматтарды аткарган

1925-жылы юстиция органына кызматка которулуп, Ак-Дөбө губерниялык прокуратурасынын  катчысынын  жардамчысы, судьянын орун басары, губерниялык соттун мүчөсү, Семипалатинск  шаарында округдук соттун төрагасынын орун басары болуп иштеген.

 

С.Сегизбаев 1933-жылы Москвадагы Жогорку юридикалык  курсту  бүтүргөндөн  кийин  РСФСР  Жогорку  сотунун  казак  бөлүмүнүн  президиумунун  мүчөсү, төраганын орун басары болгон.

1933–1937-жылдары  РСФСР  Жогорку  сотунун Пленумунун мүчөсү жана Кылмыш иштер коллегиясынын соттук  курамынын  төрагасы  болуп  иштеген. Ал эми 1937-жылдын  январь  айында  Кыргыз  АССРинин  Жогорку  сотунун  төрагасы  болуп  дайындалып,  декабрге чейин  гана  иштеп, эл  душманы катары партиядан чыгарылып, негизсиз соттолуп, кийин акталган.

 

 

1911-жылы Кызыл-Аскер айлында  туулган. Ата-энесинен эрте жетим калып, туугандарынын колунда тарбияланган.

 

1927-жылы  Интергельпо  токуу  фабрикасына жумушчу болуп кирген. 1932-жылы Татар Республикасынын Казан шаарындагы советтик укук таануу окуусуна жиберилип, анда  эки  жыл  окуган. 1934-жылы  ошол эле Казан шаарында советтик партиялык мектеп ти бүтет. 1934-1938-жылдары Советтик Армиянын  катарында  кызмат  өтөгөн. 1938-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалыгына шайланып, 1940-жылга чейин иштеп, андан соң  Москвадагы  укук  академиясынын  алдындагы Жогорку юридикалык окуу жайына  жиберилген.  Аны бүтүрүп  келгенден кийин  Каганович, Кант райондук партиялык комитеттердин экинчи катчысы болуп иштеген.

 

 

1911-жылы  Кант  районундагы  Ак-Бото айылында туулган. Эмгек жолун 1933-жылы «Кызыл-Желек» колхозунда  эсепчи  болуп иштөөдөн  баштаган, кийин ошол эле колхоздун башкармасынын төрагалыгына шайланган. 1936-жылдан  1938-жылга  чейин айылдык керек-жарак коомунун төрагасы, колхоздун  башкармасынын төрагасы, жер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, Кыргыз ССРинин  Жер  эл  комиссарларынын  тобун жетектеген. 1938-жылы  Кыргыз  ССРинин Жогорку Кеңешине депутаттыкка  шайланып, Республиканын юстиция эл комиссариатынын министринин орун басары  кызматына көтөрүлөт.

 

1941-жылы укук таануучулардын  Жогорку  академиялык  курсун  бүтүргөндөн кийин  Кыргыз  ССРнин Жогорку сотунун төрагалыгына  шайланып, 1942-жылга чейин иштеген.

 

Андан кийин партиялык кызматка жиберилип, Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин соода боюнча катчысы, Эмгекчилер депутаттарынын Тян-Шан облустук  кеңешинин  төрагасы,  Жогорку соттун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары болуп иштеп, 1953-жылы кайрадан Жогорку соттун төрагалыгына шайланган.

 

Өкмөттүк бир нече сыйлыктардын ээси.

 

 

1914-жылы Чуй районундагы «Он бир жылга» айылында туулган. Токмок  шаарындагы жети жылдык мектепти аяктагандан кийин  Фрунзедеги  эки  жылдык юридикалык окуу жайын  бүтүргөн. 1933-1934 жылдары Ташкентдеги Орто-Азиялык университетинде  окуган. 1945-жылы  Москвадагы юридикалык институтту бүткөн.

 

 

Эмгек жолун 1931-жылы Ноокат райондук комсомол комитетинин катчысы болуп иштөөдөн  баштаган. Андан кийин Чүй райондук сотунда катчы, Фрунзе шаардык прокурорунун  жардамчысы, Фрунзе шаарындагы  Ворошилов, Свердлов  райондорунун  прокурору,  Кыргыз  ССРинин  прокурорунун  жардамчысы  болуп  иштеген. 1942-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун төрайымдыгына шайланып,  кыргыз аялдарынын ичинен эң алгачкы болуп ушул кызматта иштеген.

 

Фатима Чапиевна 1947-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун  төрагасынын оорун басары кызматына көтөрүлөт. Андан соң өмүрүнүн акырына чейин адвокат болуп ийгиликтүү иштеген.

 

Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар, грамоталар менен сыйланган.

 

 

1911-жылы Токтогул районундагы Орто-Арык айылында туулган.

 

1928–1930-жылдары  Ташкенде  рабфакта окуп, 1937-жылы Кыргыз Республикасынын юстиция  эл  комиссариатынын  алдындагы алты айлык окууну бүтүргөн, ал эми 1943-жылы республикадагы эки жылдык юридикалык мектепти аяктайт.

 

1936–1947-жылдары  Жалал-Абат  облусунда судья, облустук юстицияда текшерүүчү, сот органдары боюнча бөлүмдүн начальнигинин орун басары, Нарын облустук сотунун төрагасы, Кыргыз ССРинин юстиция министринин орун басары болуп иштеген.

 

1947-жылы ал Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымдыгына шайланат.«Ардак  белгиси»,  Кызып  Жылдыз  ордендери, медалдар жана грамоталар менен сыйланган.

 

1951-жылы теги байманап  болгондугун  жашырган деген күнөө коюлуп, партиядан чыгарылып, кызматынан алынган.

 

 

1911-жылы Аламудун районундагы Орто-Алыш  айылында  туулган, 1955-жылы Бүткүл  союздук  юридикалык институтту бүтүргөн.

 

Эмгек жолун 1924-жылы Чуй облусунун Кызыл-Аскер айылдык кеңешинде катчы болуп иштөөдөн баштаган.

 

1930-1931-жылдары Талас кантонунун  прокуратурасында, Кемин районунда элдик тергөөчү,  Кек-Жаңгак, Кемин райондорунун прокурору, Кыргыз Республикасынын прокурорунун  жардамчысы, Тянь-Шань облусунун прокурорунун орун басары, Кыргыз  Республикасынын  прокурорунун атайын иштер боюнча жардамчысы, Ысык-Көл  облусунун  про курору  болуп  иштеген. 1949-жылы Кыргыз Республикасынын прокурорунун орун басары кызматына көтөрүлөт  да, 1951-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалыгына  шайланат. Ал эми  1953-жылы Юстиция министри кызматына дайындалат, 1962-жылы кайрадан Жогорку соттун төрагалыгына шайланат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына бир нече жолу шайланган, «Эмгек Кызыл Туу», «Кызыл  Жылдыз», «Ардак  Белгиси» ордендери, Ардак грамоталар менен сыйланган.

 

 

1922-жылы Москва районундагы  Кош-Дөбө айылында туулган.

 

Эмгек жолун 1941-жылы колхоздо эсепчи-кассирлик кызматтан баштаган. Улуу

 

Ата-Мекендик согуштун аягына чейин болуп, кийин Фрунзедеги юридикалык мектепти  бүтүрүп,  Кыргыз ССРинин Юстиция министрлигинде текшерүүчү, Ош облсотунда мүчө, Узгөн райондук  сотунда төрага, Ош облустук сотунун төрагасы болуп иштеген. 1953-жылы республиканын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлыгына  которулуп, 1961-1962-жылдары төрагалык  кызматын аткарган. Андан кийин, 1979-жылында, пенсияга чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Президиумунун юридикалык бөлүмүнүн башчысы, иш  башкарманын башкаруучусу болуп иштеген.  Пенсияга чыккандан кийин  С.Чокоев Юстиция  министрлигинде, ал эми өмүрүнүн акырына чейин Бишкек шаарынын Ленин районунун  юридикалык консультациясынын башчысы болуп иштеген. Ал өкмөттүк бир нече сыйлыктарды алган.

 

 

1912-жылы  Жети-Өгүз  районундагы Ичке-Булуң айылында туулган.

 

Эмгек жолун 1930-жылы  Жети-Өгүз райондук сотунун катчылык ишинен баштап, 1933-жылы Балыкчы райондук комсомол комитетинин иш башкаруучусу болуп иштеген. Анан эки жыл  Кыргыз атчандар полкунда Кызыл армиячы болуп аскердик милдетин өтөйт. 1937-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция эл комиссариатынын  алдындагы бир жылдык укук мектебин  бүтүргөндөн кийин 1945-жылга чейин Талас облусунда Буденный райондук сотунда  судья,  Жалал-Абат округдук сотунун  мучөсү, анан төрагасынын орун басары, Пржевальск шаардык сотунун судьясы, Ысык-Кел облустук сотунун төрагасы болуп иштеген.

 

1946-жылы СССРдин Жогорку сотунун мүчөсү болуп шайланып,  20-жылдан  ашуун  кызмат  өтөп, 1967-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалыгына шайланып, 1974-жылда персоналдык  пенсияга  чыкканга чейин иштеген.

 

Бир нече жолу мамлекеттик сыйлыктарды алган.

 

1924-жылы 15-февралда Жалал-Абат облусунун Сузак районундагы Кара-Көл айылында туулган.

 

Эмгек жолун 1942-жылы айылдык кеңештин катчысы болуп иштөөдөн баштаган. 1944–1948-жылдары  Ош облусунун Ачы райондук сотунда катчы, сот аткаруучу, 1951–1967-жылдары  Ленин райондук  сотунун  судьясы, Жалал-Абат  облустук  сотунун төрагасы, Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1967-жылы Жогорку соттун мүчөсү болуп  шайланып, 1974-жылы Ош облустук юстиция башкармасынын начальниги болуп бекитилген.

 

Зулумбек Жамашевич 1974-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагалыгына шайланып, 15 жыл иштеди.

 

Ага Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия ыйгарылган, «Кыргыз  Республикасына эмгек сиңирген юрист» деген наам берилген. «Ардак Белгиси» ордени  жана  өкмөттүк бир канча сыйлыктар менен сыйланган.

 

1939-жылдын 27-мартта  Жалал-Абат облусунун Ала-Бука районундагы Шакафтар айылында туулган.

 

Эмгек жолун  Кыргыз мамлекеттик улуттук  университетинин юридикалык факультетин  (1961-ж.)  бүтүргөндөн  кийин Базар-Коргон районунун прокуратурасында стажер-тергөөчү болуп иштөөдөн баштаган.

 

Андан  кийин 1989-жылга чейин Ленин райондук прокуратурасында тергөөчү, Баткен, Ленин  райондорунун  прокурору, Ош облустук партиялык комитеттин административдик органдар боюнча бөлүмдүн башчысы, Ош  облустук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, Ош  облусунун прокурору, Кыргыз  Республикасынын  юстиция министри болуп иштеген.

 

Алымбеков Мадан 1989-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагалыгына  шайланган, кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку арбитраждык сотунун төрагасы болгон.

 

Бир нече жолу мамлекеттик сыйлыктарды алган.

 

1937-жылы 1-январда Чүй облусунун Кемин  районундагы  Бурулдай  айылында туулган.

 

Эмгек жолун Кемин райондук  сотунда катчылык кызматтан баштаган. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөндөн кийин 1973-жылга чейин Ош  облустук  сотунун  мучөсү,  Балыкчы шаардык сотунун судьясы, анын төрагасы, 1973-жылдан 1989-жылга чейин  Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары,  Жогорку  сотунун  мүчөсү,  Нарын облустук  сотунун  төрагасы,  Ысык-Көл облустук  сотунун  төрагасынын орун  басары болуп  иштеген. Андан  кийин  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мучөсү болуп  туруп,  1991-жылы  анын  Төрагалык  кызматына шайланып, беш жыл иштеди.

 

Качкынбай Жетибаевич  сот тармагында  азыр да үзүрлүү эмгектенип жатат. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагалык кызматын өтөөдө. Ага эӊ жогорку адистик даражадагы судья», «Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген юрист» деген ардактуу наамдар берилген, өкмөттүк бир нече сыйлыктарды алган.

 

1952-жылдын 15-апрелинде Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылында туулган. 1967–1971-жыпдарда Жалал-Абаттагы педагогикалык окуу жайында окуган. Эмгек  жолун 1971-1972-жылдары башталгыч мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1972–1974-жылдарда армияда кызмат кылган, 1974–1979-жылдардын аралыгында  Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин  юридикалык  факультетинде окуп, аны артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1979–1984-жылдары Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинде консультант, Ош областтык юстиция бөлүгүндө  улуу консультант, Ош  облустук сотунда мүчө болуп иштеген.

 

М. И. Исабаев 1984-жылдан Таш-Көмүр шаардык сотунда төрага, 1987–1991-жылдарда  Кыргыз  Республикасынын Жогорку  сотунда  мүчө, 1991–1995-жылдар аралыгында Жалал-Абат облустук сотунда төрага болуп иштеген. 1995-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалыгына шайланган.

 

1953-жылдын 12-мартында Панфилов районунун Орто-Арык айылында туулган. 1976-жылы  Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1976–1981-жылдары Кыргыз Республикасынын юстиция  министрли гинде, Свердлов  райондук  сотунда  судья  болуп иштеген. 1981–1990-жылдары  адвокатурада, чарба жетекчилик кызматтарында эмгектенген.  1990-жылдан  1998-жылга чейин мамлекеттик арбитраждын кызматкери, Бишкек шаардык, Ленин райондук сотторунун судьясы, төрагасы, Республиканын  өкмөтүнүн аппаратынын бөлүм башчысы  –  сот администрациясынын жетекчиси болуп иштеген.

 

1998-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагалыгына шайланган. 2000-жылдын август айында ден соолугуна байланыштуу кызматтан бошотулган.

 

Кыргыз Республикасынын өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн «Кыргыз  Республикасынын  эмгек  сиңирген юрист» деген наам берилген жана бир нече жолу мамлекеттик сыйлыктарды алган.

 

1961-жылы 17-октябрда Ташкент областынын Ак-Курган шаарында туулган.

 

Эмгек жолун 1979-жылы Ташкент  шаарындагы  «Узгиплодовощ»  ИИИ  чертежник-конструктор  кызматынан  баштаган. 1980–1985-жылдардын аралыгында Ташкент мамлекеттик  университетинин юридикалык факультетин окуп бүтүргөн. 1985-1986-жылдары Кыргыз Республикалык Бүткүлсоюздук агенттигинин автордук укук бөлүмүндө юрист, 1987-1989-жылдары Ленинград шаарындагы Түндүк-Батыш  областтар  аралык Бүткүлсоюздук агенттигинин автордук укук бөлүмүндө  юрисконсульт,  1989-1990-жылдары – Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигинин Укукту үгүттөө жана элдик чарбада укуктук жумушту башкаруу, Мыйзам долбоорлорун  даярдоо  жана  систематизациялоону башкаруу  бөлүмүндө  биринчи  даражадагы  специалист. 1990–1992-жылдарда  Кыргыз  Республикасынын Министрлигинин  экономикалык реформалоо кабинетинин мамлекеттик комиссиясында юрист, 1992–1994-жылдары  Кыргыз  Республикасынын  Президенттик  аппараттын укуктук бөлүмүндө референт, эксперт-консультант, 1994–1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттик аппараттын  юридикалык бөлүмүнүн башчысы, 1998–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин министри болуп иштеген. 2000-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагалыгына шайланган, ал кызматта 2004-жылга чейин кызмат өтөйт.

 

Бир нече жолу мамлекеттик сыйлыктарды алган.

 

1953-жылы 1-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында туулган.  

 

Эмгек жолун 1970-жылдарда Совет районундагы Элдик билим берүү бөлүмүндө иш кагаз  жүргүзүү статисти болуп иштөөдөн баштаган. 1970–1971-жылдарда  Кара-Кулжа орто-мектебинин  улуу пионервожатый жана жумушчу жаштардын мектебинде орус тили жана адабияты  боюнча  мугалим болуп иштеген. 1971–1973-жылдардын  аралыгында армияда кызмат өтөгөн, 1973–1979-жылдардын  арасында  Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин  бүтүргөн. 1979–1981-жылдары Ош облисполкомдо улуу юрист, 1981–1983-жылдары – Оштук  мамлекеттик  арбитраждын  Кыргыз Компартия обкомунун Башкы мамлекеттик арбитри, 1983–1987-жылдарда Кыргыз Компартиясынын Оштук обкомунун административдик органында  бөлүмдүн  нускоочусу, 1987–1991-жылдарда – Ош шаардык сотунун төрагасы, 1991-жылда Кыргыз Компартиясынын ЦК аппаратында мыйзамдарды демилгелөө  жана  мамлекеттик  органдар менен  маалымат  тобунун башчысы, 1991–1992-жылдарда – Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигинин соттук органдарын  башкаруунун  башчысы,  1992–1994-жылдарда – Кыргыз Республикасынын  Юстиция министринин биринчи орун басары, 1994–2000-жылдарда – Кыргыз Республикасынын Конституциялык  сотунун  соту, 2000–2002-жылдарда – Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйналышынын депутаты, 2002-жылдын 30-май айынан Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри. 2004-жылдын  6-январында  Кыргыз  Республикасынын юстиция министри болуп иштеген. 2004-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагалыгына  шайланган,  бул  кызматта  2008-жылдын 17-январына чейин иштеген.

 

Ардак  грамоталар  менен  сыйланган  жана «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юрист»  деген наам берилген, «Даңк» ордени менен сыйланган.

 

Байланыш маалыматы

720040, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205
 
Жогорку соттун электрондук почтасы - supcourt@sot.kg
 
 

 

Иштөө графиги

Дүйшөмбү - Жума     08:30 – 17:30

  Түшкү тыныгуу       12:00 – 13:00